Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Укук коргоочулар УКМКга нааразы


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башкы имараты.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жалган маалымат таратты, каралап жаманатты кылды деп айыптап чыкты.

Эгер мекеме бейөкмөт уюмга байланыштуу тараткан соңку маалыматын расмий төгүндөбөсө сотко кайрыларын эскертти.

Атайын кызмат берген маалымат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 24-январда Ош шаарынын 34 жаштагы тургуну "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп шектелип камакка алынганын маалымдаган. Анда анын үйүнөн ноутбук, DVD-дисктер алынганы жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы басып чыгарган китепчелер да чыкканы айтылган.

Мекеменин маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулаймановдун билдиришинче, тинтүү маалында аталган бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү элди топтоп жаңжал чыгарууга аракет кылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо жагы каралып жатат:

- “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму чыгарган “Өз укугуңду коргой бил” деген он китепче чыккан. Кармалган жарандын үйүн тинтип жаткан маалда тергөөгө тоскоолдук кылуу аракеттери болгон. Учурда УКМКда тергөөгө тоскоолдук кылган деген айып менен кылмыш ишин козгоо боюнча маселе каралып жатат. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюмунун адвокаты Вальерян Вахитовдун УКМКнын кызматкерлери жана тергөөчүлөрү мындай маалыматты берген эмес деп айткандары туура эмес. Ушул жерден белгилей кетсек, Вахитов ошол "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп кармалган адамдын адвокаты.

Бул маалыматты “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы менен адвокат Валерьян Вахитов дароо эле жалган деп айтып чыкты. Вахитов тинтүү учурунда тоскоолдук жасалды деген дооматты негизсиз деп билдирди:

- Алар “Бир дүйнө Кыргызстандын” кайсы өкүлү тергөөгө тоскоолдук кылганын иликтеп, аныктап айтып беришсин. Мен адвокатмын. Бул ишке 20-январдан тарта ошол жарандын туугандары кайрылгандан кийин аралаша баштагам. Атайын кызматтын өкүлдөрү болсо андан бир күн мурун, 19-январда тинтүү жүргүзгөн. Ошондуктан тоскоолдук кылды деген негизсиз. Мындай маалыматты кайдан алышканы да белгисиз.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы болсо атайын кызматтын төрагасы Абдил Сегизбаевге кат жолдогону маалым болду. Уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова чекисттердин соңку аракетин каралоо, жаманатты кылуу деп атады:

Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова

- Ошол кармалган баланын таржымалы мындай экен. Ал Швецияда иштеп жүргөндө ал жакта дин темасында талкуу болгон экен. Ал эчак эле Ютубга жарыяланган экен. Ошонун негизинде ал баланы УКМК 19-январда кармап жатат. Анан кечээ биз баарыбыз Азимжан Аскаровдун сотунда жүрсөк, анын өкүмүн угуп жаткан маалда бизге байланыштуу ушундай маалыматты жарыялап жиберишти. Бизге бул окуянын эч кандай тиешеси жок. Биздин уюм эч кандай жардам берген эмес, көргөн да, барган да эмес. Бул бизди каралоо деп эсептейбиз. Эгерде УКМК өздөрү тараткан маалыматты эки-үч күндүн ичинде төгүнгө чыгарбаса, биз анда сотко кайрылабыз.

Биз ал китепчелерди мечиттерден өйдө таратканбыз. Ал жерде эгер аны тартип коргоо органдары мыйзамсыз кармаса, өзүнүн укугун кандайча коргой алат деген эле маалыматтар бар. Мыйзамдуулукка гана чакырган Конституциянын жана Кылмыш-жаза кодексинин эле беренелери жазылган. Аны эмне эле беттерине кармап жатканы түшүнүксүз.
Төлөкан Исмаилова

Төлөкан Исмаилова диний экстремизм боюнча айыпталган жарандын үйүнөн табылды деген китепчелер боюнча да түшүндүрмө берди. Ага ылайык, жарандарды өз укугун коргоого чакырган китепчелер 2013-жылдан бери таратылып келе жаткан жана убагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, тиешелүү органдарга да китепчелер тууралуу маалымдалган:

- Валерьян Вахитов ошол кармалган жарандын агасы жардам бергиле деп кайрылганда мен адвокат катары “Бир дүйнө Кыргызстан” же дагы башка бейөкмөт уюмдарга айтпай эле бул ишти алгам деп айтып жатат. Азыр эми биздин материалдар чыкты деп айтууда. Биз ал материалдарды өлкөнүн бардык аймагына таратканбыз. МАИ кызматкерлеринин ишин жакшыртабыз, жолдогу кырсыктарды азайтабыз деп керек болсо биз ал китепчелерди мечиттерден өйдө таратканбыз. Ал жерде эгер аны тартип коргоо органдары мыйзамсыз кармаса, өзүнүн укугун кандайча коргой алат деген эле маалыматтар бар. Мыйзамдуулукка гана чакырган Конституциянын жана Кылмыш-жаза кодексинин эле беренелери жазылган. Аны эмне эле беттерине кармап жатканы түшүнүксүз.

Анткен менен “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму менен атайын кызматтын ортосундагы окуяны укук коргоочуларга карата басым катары баалагандар бар. Мындай пикирге мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун да кошулат. Укук коргоочу бул уюмдун жетекчисин да сындап өттү:

- “Бир дүйнө Кыргызстан” уюмунун эч кандай экстремисттик уюмга тиешеси жок. Бул каралоо, жаманатты кылуу аракети. Укук коргоочуларды куугунтуктоо деп эсептейм. Бирок уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова өзү да Кадыржан Батыровду, Азимжан Аскаровду коргоп туруп алды. Ошондуктан УКМК анын уюмуна асылып жатат. Бул жерде атайын кызматтыкы да, Исмаилованыкы да туура эмес.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму менен атайын кызматтын ортосундагы жаңжалдуу окуя буга чейин да катталган. Мындан эки жыл мурун уюмдун Оштогу кеңсесинин кызматкерлери Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйлөрү тинтүүгө алынган. Буга атайын уруксаты жок диний кырдаал тууралуу маалымат чогулткан деп айыпталып кармалган америкалык журналист Умар Фаруктан алардын визиттик карталары табылганы негиз болгон. Анда да “Бир дүйнө Кыргызстан” сотко кайрылган жана атайын кызматтын ошол аракеттери мыйзамсыз деп табылган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG