Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Авиакырсык: Төртүнчү учкучтун тек-жайы аныкталды


16-январда кулаган учактын калдыктары
16-январда кулаган учактын калдыктары

Учак кырсыгынан набыт кеткен дагы бир түркиялык учкучтун тек-жайы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

24-январда Түркиядан келген адис Бишкектеги Соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкерлери менен бирге ДНК анализди изилдөөгө киришкен. Анын жыйынтыгы бүгүн чыкты. Маркумдун сөөгү түнү менен Түркияга жөнөтүлөт.

16-январда "Манас" аэропортунун жанында түркиялык учак кулап, ичиндеги 4 адам жана 35 жергиликтүү тургун набыт кеткен. Экипаждын үч мүчөсүнүн сөөгү буга чейин мекенине жөнөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG