Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:52

Айсулуу Тыныбекова Риодон кийинки алгачкы эл аралык таймашка катышат


Айсулуу Тыныбекова Рио олимпиадасында

Спортчу Айсулуу Тыныбекова былтыркы Олимпиададан бери алгачкы жолу эл аралык таймашка катышат. Бүгүн ал Москвада башталып жаткан эркин күрөш боюнча «Иван Ярыгин-2017» эл аралык турниринде беттешерин “Азаттыкка” Кыргызстандын Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Аны менен кошо бул турнирге дагы 10 балбан кыздан турган кыргызстандык курама команда катышууда.

17 өлкөдөн чогулган спортчулар медалдардын 16 комплекти үчүн ат салышат.

Былтыр Бразилияда өткөн жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн таймашта индиялык Малик Сакшиге утулуп калган. RK

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG