Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:28

Кыргызстан 1992-жылдан бери эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөрдөн 9 миллиард 202 миллион доллардан ашык каржылык жардам алган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстан өткөн 25 жыл аралыгында 372 насыя жана каржылык келишимге кол койгон.

- Алынган каражаттын 6 млрд 700 млн доллары же 72 пайызы насыя катары келсе, анын ичинде 2 млрд 501 млн доллар грант түрүндө берилген, - деди Панкратов.

Алынган каражаттын 27 пайызы транспорт, 21 пайызы энергетика тармагына жумшалган.

Финансы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматы боюнча, каржылык жардам негизинен Кытай, Орусия, Түркия, Жапония, Германиядан алынган.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы Кыргызстанга алынган гранттык жардамдарды пайдалануу маселесин талкуулап жатат.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG