Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

“Белизгейт” чыры күчөдү


Белиз мамлекетинен келди деген документтер.
Белиз мамлекетинен келди деген документтер.

«Альфа Телеком» компаниясынын айланасындагы талкуу-талаштар кайрадан күч алып, “компроматтар согушу” уланууда.

Бийлик бул компаниядагы коррупциялык иштерге оппозициячыл “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү аралашкан деген айыптоосун далилдөөгө аракет кылып жатса, оппозициячыл депутаттар бийликтин кинесин курулай жалаа деп атап, өз документтерин жарыялады.

“Белизгейт” саясий жаңжалын “Арай көз чарай” берүүсүндө талкууладык. Ага Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов жана Социал-демократтар фракциясынын депутаты Узарбек Жылкыбаев катышты.

“Азаттык”: Бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымат жыйынын куруп, “Альфа Телеком” боюнча УКМКнын тараткан маалыматтарына жооп кайтарды. Текебаев мырза бул ишке алардын катышы жоктугун далилдеген документтер Белизден келгенин айтууда. Жеке сизди анын айткандары ынандыра алдыбы?

Жылкыбаев: Текебаев мырза бул ишке катышы жоктугун мурдатан эле айтып келатат. Бүгүн да айтты. Эгерде чындыгында эле актыгын далилдеген кагаздарды алган болсо, расмий органдарга бериши керек деп ойлойм. Прокуратурага, бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссияга берсин. Анын жыйынтыгы менен гана кандайдыр бир пикир айтууга болсо керек.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, сиздердин “Альфа Телекомдун” 51 пайыз акциясын сатууга кызыкчылыгы болгон деген маалыматты УКМК улам-улам таратып жатат. Сиздер болсо аны төгүндөөгө аракет кылып жатасыздар. Негизи мындай кырдаал эмнеден кабар берет?

Шыкмаматов: Бул УКМКнын айласы кетип калганынан кабар бергендей. Себеби, бизге келген расмий документтерде “Соутфилд” деген компанияда биздин эч кандай үлүшүбүз болбогонун далилдеп жатат. Муну окуучуга айтсаң да түшүнөт. Бирок УКМК көгөрүп, түшүнгүсү келбей, массалык түрдө жалган маалымат таратып, элди ишендирүүгө аракет кылып жатат. Коомдук канал айтып жатса, УКМК, президенттин маалымат катчысы айтып жатса, бечара эл ишенет да. Мунун артында эң биринчи максат - бизди дискредитациялоо, үч саясатчыны элге жаман көрсөтүү жатат.

“Азаттык”: Узарбек мырза, “Ата Мекен" айткандай, УКМК, бийлик өз милдеттеринен аша чаап кетип жатабы?

Жылкыбаев: Ага мен баа бере албайм. Бул иштин акыр аягына сот чекит коюшу зарыл. “Ата Мекен” тарап сотко кайрылса керек. Эгер калп болуп чыкса, УКМКнын жетекчиси жооп бериши кажет. Бул орган деле маалыматты тараткан соң өздөрүнүн ишенген фактылары бардыр.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG