Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Опурталдуу оюн Кыргызстанга жетти


Сүрөттүн макаладагы окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн макаладагы окуяга тиешеси жок.

Бишкекте сегизинчи класстын окуучусу төртүнчү кабаттан бой таштап каза тапты. Акыркы күндөрү интернетте балдарды таңга маал суицидге түрткөн опурталдуу “Көк кит” аттуу оюн жайылууда. Милиция окуучунун өлүмү аталган оюн менен байланыштуубу же жокпу деген маалыматты тактап жатат.

Анткен менен баланын таңкы саат төрттө өз жанын кыйганы өлүмгө ушул азгырык түрткү берген деген божомолдорго жем таштап, ата-энелердин кооптонуусу күчөдү.

Ал тапта ИИМ бир ай ичинде 15 окуучу өз жанын кыйганын маалымдады. Бул былтыркы январь айына караганда дээрлик эки эсе көп.

ИИМ иликтөө иштерин баштады

Каза тапкан бала борбордогу №12 мектепте окучу. Ал 1-февралда таңкы саат 4төрдө Чыгыш-5 кичирайонунда өзү уктаган бөлмөнүн терезесинен секирип көз жумган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, маркумдун өлүмүнүн чоо-жайы азырынча белгисиз:

- Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кызматтык иликтөө, тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Окуучу эмне себептен бул кадамга барганы бул иштер бүткөндөн кийин белгилүү болот. Жалпысынан өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусуна эмне түрткү болуп жатканы иликтенүүдө.

Бакыт Сейитов кошумчалагандай, маркум окуучунун ата-энеси баласын эч нерседен кем кылган эмес. Ошондой эле мектепте да алдыңкы окуучулардын бири болгону аныкталды. Милиция бул окуяга соңку кезде кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салып, интернетте жайылган “Көк кит” аттуу коркунучтуу оюндун тиешеси бар-жогун териштирип жатат. Анткен менен аталган оюндун шартында жазылгандай, окуянын таңкы саат төрттө орун алганы түрдүү талкууларга негиз болууда.

Окуучуларды азгырган оюн

Орусияда пайда болуп, андан кийин Казакстанга, Кыргызстанга жеткен оюнга азгырылган балдар таңкы саат төрттөн өткөндө жанын кыйышы ыктымал. Бул оюнду бардык эле балдар биле бербейт. Бирок соңку күндөрү Бишкекте жогорку класс окуучуларынын арасында өтө тездик менен жайылууда.

Башкалаадагы №30 мектепте билим алган Жоомарт оюн социалдык тармактардын ичинен окуучулар көп кирген Инстаграмда басымдуу экенин “Азаттыкка” айтып берди:

– Инстаграммда көп болуп жатат, ар бир лентаны жылдырган сайын "4.20" деген жазууларды көрөсүң. Бул тармакта бүт баары бар. Жашаган дарегиң, телефон номуруң. Көптөрү жазып коюшат. Оюндун уюштуруучулары "эгер өзүңдү өлтүрбөсөң, жакындарың же ата-энең өлөт" деп коркута беришет. Саат төрттө чалат. Анан "убактың келди" деп айтат. Орусия, Казакстанды кошкондо 30 бала өлгөнүн билем. Бул тамаша аралашкан оюн, аны акыл-эси кем адам иштеп чыккан. Оюнга катышып калгандарга жалпысынан 50 тапшырма берилет. Колуңа кит же сыңар мүйүз (единорог) тарт дейт экен, экинчи күнү аны лезвия менен бастыр дейт. Акыркы, №50 тапшырмасы - "кан тамырыңды кес, көп кабаттан секир же асынып өл" дейт. Ишенип алып ойногондор бул тапшырмаларды аткарат.

Опурталдуу оюн тууралуу кооптонуулар бир күн мурун ачыкка чыгып, коомдук уюмдар балдарга көңүл бөлүүгө чакырышкан. Ички иштер министрлиги тармактык оюнга катышып, өмүрүн кыйган окуялар каттала электигин билдирген болчу. Эми минтип окуучунун суицидге барышынан улам өз балдарынан кооптонгон ата-энелер көбөйүүдө. Алардын бири Сымбат Максутова 5-класста окуган уулунун жүрүм-туруму өзгөрүп калганын айтып кооптонууда:

- Бүгүн интернеттен окуп алып коркуп отурам. Анткени мектепти аябай жакшы көрүп, жалаң беш деген баага окуган балам акыркы эки жумада өзгөрүп калганын эми байкадым. Мектепке кечигип бара турган болуп калды. Азыр эле №38 мектептин мугалимине, класс жетекчисине чалып, тез арада психолог менен сүйлөшүп көргүлө, балким мага көп нерсени айтпай жаткандыр деп сурандым. Психолог бүгүн бош эмес экен. Эртең болсо деле сүйлөшүп көргүлө дедим. Уулум кытай курсуна барат, андан чыккандан кийин мектепке кирет. Ошонун ортосунда жарым саат бош болуп, интернет клубга кирип жүрүптүр. Кандай оюн ойногонун билбейм, бирок чоочулап жатам.

Министрликтердин эскертүүсү

Билим берүү жана илим, Ички иштер министрликтери балдар үчүн кооптуу “Көк кит” азгырыгын көзөмөлгө алууга көмөктөшүүгө ата-энелерди чакырып жатышат.

Аталган мекемелердин маалыматына караганда, мектептерде тарбиялык сааттар жана ата-энелер чогулуштары өткөрүлө баштады. Интернеттеги социалдык тармактарга кызыккан балдарга көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Укук коргоочулар мындай шартта балдар менен психологдор иштеши керектигин айтышууда. Психолог Самат Аалканов балдар чыныгы турмуш менен оюнду ажырата албай жатканына токтолду:

- Балдар бүт тапшырмаларды аткарам, андан кийин чатырдан секирип өлгөндөн кийин кайра туруп жашап кетем деп ойлой бериши мүмкүн. Көбү "азыр мен өзүмдү өлтүрөм, баары ыйлап, кыйналат, андан кийин тирилип келип силерди акыркы жолу кечирем" деп айтууну кыялданышат.

Опурталдуу оюн социалдык тармактар аркылуу жайылып жатканы айтылууда.
Опурталдуу оюн социалдык тармактар аркылуу жайылып жатканы айтылууда.

Адистердин пикиринде, ата-энелер балдары колдонгон смартфон жана планшеттерди карап, кайсыл сайттарга кирип жатканын текшерип турушу абзел. Эгер бала профилинде сүрөттүн ордуна 1ден 50гө чейинки сандарды коюп, кит, көпөлөк, сыңар мүйүздүн сүрөтүн тарта баштаса, уйкусу качса, достору менен жазышкан каттарында жана интернетте орус тилинде «Киттер өйдө сүзүшөт», «Мени 4.20да ойгот», F57, F58, «Тынч үй», «Рина», «Ня.пока», «Киттер көп», «Мага чейинки 50 күн», "Мен оюндамын", "Сен оюндасың" деген жазуулар кезиксе, мессенжерлерде түшүнүксүз буйруктарды берген бейтааныштар менен кат алмашса, кооптуу кырдаал жаралып калганынан кабар берет. Эң коркунучтуусу - 50 жана андан аз сандардын жазылышы.

Бул оюнду 2013-жылы орусиялык 22 жаштагы Филипп Будейко ойлоп тапкан жана жаштайында үй-бүлөлүк запкыны көп көргөндүктөн ушул кадамга барганын моюнга алган. Ал "В Контакте" түйүнүндө өспүрүмдөр менен баарлашып, андан кийин аларды суицидге түрткөн. 2015-жылы ноябрда 16 жаштагы Рина Паленкова анын көрсөтмөсү менен поездге боюн таштап мерт кеткен. Опурталдуу "Өлүм тобу" жөнүндө орус басылмалары былтыр майда жазып чыгып, Будейко ноябрда камакка алынган.

ИИМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда суицидге барган өспүрүмдөрдүн саны өсүп, жыл башынан бери 15 окуучу өз жанын кыйды. Анын үчөө кыздар. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине караганда эки эсе көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG