Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Окуучунун өлүмүнө себеп болгон 10 доллар


Президент Каримовдун окуучулар менен түшкөн билборду
Президент Каримовдун окуучулар менен түшкөн билборду

Өзбекстандын Паркент районунда 8-класстын окуучусу мугалимдин басымына чыдабай асынып өлдү.

Өспүрүмдүн классташтары окуу жылын аяктап жаткандагы кечеге чогултулуучу 50 миң сумду бералбаган үчүн мугалими аны бүт класстын алдында шылдыңдаганын айтышууда.

Мугалими талап кылган 50 миң сумду (10 доллар) бералбай шылдың болгон окуучунун асылып турган денеси өз үйүнүн мал сарайынан табылган. Маркумдун классташтарынын айтышынча, мугалими окуучунун эркектик намысына шек келтиргенге чейин барган.

– Мугалим аны сен чындап эле эркек баласыңбы? Эгер бала экениң чын болсо эмнеге акча алып келген жоксуң? Эгер акча алып келе албасаң анда кыздардын жанына отур. Атаң айлык алары менен акчаны алып кел. Ага чейин артка жылып отур –деп, аны акыркы партага жылдырган. Негизи анын ата-энеси жарды болчу. Жүзүм фермасында багбан болуп иштешет.

"Азаттыктын" укук коргоо органдарындагы булактары да 15 жашар өспүрүм асынып алган факты катталганын ырастады. Милиция өкүлүнүн билдиришинче, өспүрүмдүн өлүмү боюнча ишти жергиликтүү прокуратура иликтеп жатат.

- Окуядан кийин каза болгон окуучунун бардык классташтары суракка алынган. Алар өспүрүмдү мугалими басмырлаганын, кантип шылдыңдаганын, ал кайсыл мугалим экенин да айтып беришкен. Көрсө ал мугалим мурда да окуучусун урганы үчүн иши тергелген экен. Ошондо дагы суудан кургак чыкканына караганда анын таасирлүү тааныштары бар окшойт. Эгер андай болсо азыркы иш боюнча ал мугалимдин кылы кыйшайбайт го.

Өзүнө-өзү кол салып каза болгон өспүрүмдүн кошуналарынын бири ал бала өзүн кайгыга алдырып койгонун айтат. Өспүрүмдүн апасы уулунун өлүмүнө ар кандай керектөөлөр үчүн акча чогултууну токтотпогон бүт мектеп жамаатын айыптап жатыптыр. Бирок мектеп жетекчилигинин же класс жетекчинин үстүнөн милицияга арыз жазган же жазбаганы али белгисиз.

Өзбекстанда акыркы эки жылдан бери мектеп директорлорунан, мугалимдерден жана класс жетекчилерден ар кандай кечелерге, экзамендерге жана белектерге окуучулардан акча чогултпоо тууралуу тил кат алынган. Ташкендеги мектеп мугалимдеринин бири быйыл Элдик билим берүү башкармалыгы окуучулардан акча чогултууну тыюу иштерин катуу көзөмөлдөп жатканын айтат.

– Бул жылы окуучулардан акча чогултууга каршы көзөмөл аябай күчөдү. Кечээ эле биз бардык окуучуларды жана ата-энелерди чогултуп, быйылтан тарта мектептеги бир дагы иш-чарага акча чогултулбай турганын айттык. Ага жол берген мугалим жумуштан айдаларын эскерттик.

Мектептерде окуучулардын эсебинен мугалимдерге белек берүү, ар кандай кечелерди уюштурууга Өзбекстанда тыюу салынганына кыйла жыл болгон. Бирок ал тыюулар ар кандай шылтоолор менен окуучулардан акча чогултууга эч кандай тоскоол болалбай келет. Быйыл Өзбекстандын Элдик билим берүү башкармалыгынын окуучулардан тыйын чогултууну токтотуу демилгесин ишке ашырууга милиция да көмөктөшүп жатканы айтылууда. Бирок адистер Ташкен облусунун Паркент районунда окуучунун мектеп салыгынан улам өзүнө-өзү кол салуусу Өзбекстанда абал өзгөрбөй калып жатканынын далили дешет.

Өзбекстанда балдар арасындагы суицид тууралуу ачык статистика жок. Казакстанда болсо өткөн бир жылда 86 өспүрүм өз жанын кыйган. Кыргызстанда быйылкы жылдын биринчи беш ай ичинде эле 49 бала өздөрүнө кол салышкан. Адистер балдар арасындагы суицидге мектеп рекэтчилиги жана мугалимдер тарабынан акча талап кылуу негизги себептердин бири экенин айтып келишет. Кыргызстанда да мектеп муктаждыктарына жана иш-чараларга окуучулардан акча чогултуу көрүнүшү токтобой келет.

XS
SM
MD
LG