Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Украина элчиси: АКШ Орусиянын Крымды ээлеп алуусун тааныбайт


 Володимир Ельченко
Володимир Ельченко

Украинанын Улуттар Уюмундагы элчисинин айтымында, Дональд Трамптын администрациясы Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын толук колдойт, Крымды Орусия аннексиялап алышын кабыл албайт. Вашингтондун мындай позициясын АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли ага билдиргенин Украинын Улуттар уюмундагы элчиси Володимир Ельченко 1-февралдагы маалымат жыйынында айтты. Никки Хейли “АКШ Орусиянын Чыгыш Украинадагы аракеттерине толук каршы экенин жана Крымды аннексиялоо эч качан таанылбасын” билдирген. Ельченко Никки Хейли тараптан алган жоопторуна толук канааттанып, Вашингтон менен Москванын жакындашуусу Украинанын эсебинен болбошуна ишенген.

АКШ президенти Дональд Трамп ABS News телеканалына берген интервьюсунда “Крым маселесине үңүлө карап көрүш керек. Менин угушум боюнча Крым калкы буга чейин болгон жеринде эмес, Орусия менен бирге болууну артык көрөт. Силер да ага карап көрүшүңөр керек” деген. (AiT)

XS
SM
MD
LG