АКШ президенти өлкөгө америкалык баалуулуктарды сыйлаган адамдар гана кире ала тургандай кылуу ниети бар экенин 2-февралда билдирди. Ал Вашингтондо жыл сайын өтүүчү сыйынуу нанүштөсүндө айткандай, мында негизги кеп “диний жана жеке эркиндик” тууралуу болуп жатат. Президенттин сөзү боюнча, америка коомчулугунда диний көз карашына карата басынтуу жок, ошол эле учурда адамдар өздөрүн толук коопсуздукта сезүүсү керек.
Трамп ошондой эле Америкадагы миграция системасы дүйнө жүзү боюнча эң айкөл экенин белгилеп, бирок муну “зомбулукту таратуу” үчүн пайдалангылары келген адамдар да бар экенин кошумчалады.
Президент өлкөгө коркунуч туудуруучулардын кирүүсүнөн сактай турган система орнотууну убада кылды.