Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:33

Кыргызстандын Билим жана илим министрлиги өлкөдөгү "Себат" окуу жайларынын уюштуруучуларынын курамына кирет. Кыргыз өкмөтү ушундай чечим кабыл алганын бүгүн "Азаттыкка" министрликтен кабарлашты.

«Себат» эл аралык уюмунун тутумуна Кыргызстандагы 16 лицей, "Ататүрк-Ала-Тоо" университети, Silk Road жеке мектеби жана бир нече мектеп, жатакана кирет. Окуучулардын жалпы саны 12 миңден ашат. "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинде окугандар 2 миңдей студент.

«Себат» окуу жайлар тутумунун жаңы Уставы иштелип чыкты, ал юстиция органдарынын каттоосуна жөнөтүлөт.

Былтыр Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, бул үчүн түрк бийлиги бозгундагы оппозиционер Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Түрк жетекчилиги "Себат" окуу жайларын Гүлендин уюму көзөмөлдөйт деп эсептейт.

Кыргызстан бул окуу жайлар өлкөнүн билим берүү стандарттарына толук жооп берерин айтып келет. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG