Оппозициялык маанайдагы телеканал бөлөк байланыш операторлору аркылуу кадимкидей көрсөтүүдө. Бул тууралуу “Сентябрдын” башкы редактору Канышай Мамыркулова “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, телеканал аймактарда да өзүнүн жыштыгы аркылуу чыгып жатат.
“Акнет” байланыш оператору телеканал обого техникалык себептер менен чыкпай жатканын кабарлаган.
“Акнеттин” кызматынан Бишкектин жарымынан көбү пайдаланат.
Социалдык тармактарда бул “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин акыркы убактардагы билдирүүлөрүнө байланыштуу атайын жасалды деген пикирлер басымдуу.(ZKo)