Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Ортомчуларга алданган мигранттар


Бишкек менен Оштон мигранттарды Орусияга жумушка жөнөткөн жеке агенттиктердин ишине нааразылык көбөйүүдө.

Бир ай мурун ортомчу агенттик аркылуу Москвага ишке келген 31 жаштагы кыргызстандык Памир Кайыпжанов учурда келинчеги жана эжеси менен кыйын абалда калганына нааразы.

Москвада жумуш менен камсыз кылууну кепилдеген ортомчу агенттик үчөөнү 14 адамга кошуп, жеңил унаа менен жөнөткөн.

- Агенттикти Ош базарындагы радио түйүндөн угуп калдым. Кеңсесине бардык. Гүлнара деген эже бар. Ошол "муздаткыч, кийим жуучу машиналарды чыгарган ишканада иштейсиңер, ал жакта силерди Артем деген тосуп алат” деп жөнөткөн. Тамак-ашы, жатаканасы бар, айлыгы 27 миң рубл деген. Андай айлыкты бул жакта эч ким албайт экен. Эми паспортту “регистрация кылабыз” деп алып алышып, колубузга кайтарып бербей жатышат. “Качып кетишпесин” деп, ушинтип алдайт экен. “Кыргызстанда бизге башка шарттарды айткан, биз мындай иш шарттарына макул эмеспиз” десек, “ал Кыргызстан, бул Орусия” дейт.

Памир Кайыпжанов келинчеги жана эжеси менен.
Памир Кайыпжанов келинчеги жана эжеси менен.

Кайыпжанов Гүлнара эже дегендин фамилиясын же агенттиктин толук аталышын сураган эмес.

Ал эми Москвада тосуп алган ортомчулар мигранттарды Москва облусундагы Дорохово кыштагындагы LG Electronic ишканасында иштейсиңер дешкен. Кайыпжановдун ырасташынча, иш башталган күнү эле ортомчулар жумушчулардын паспортторун чогултуп алып, эми кысым көрсөтүшүүдө.

- Бул чоң ишкана экен, 8 миңдей жумушчусу бар. Кыргыздар канча экенин так билбейм, бирок баары эле ыйлап жүрөт, жыргап кеткенин көргөн жокмун. Жатакана үч миң, жол кире үч миң, тамагы 1,5 миң рубл, ошого төрт ай иштегиле деп жатат. Саатына 90 рублдан төлөшөт экен. 12 сааттан иштетет. Ортомчулар акыны ортодон тиги-бул, анан айып деп жатып бир тобун жеп коюшат экен. “Кетебиз” десек, депортация кылабыз, “кара тизмеге” киргизип коёбуз деп коркутуп жатышат.

Оор кырдаалга кабылган Памир Москвадагы элчиликке жардам сурап кайрылган.

Доорбек Абдразаков
Доорбек Абдразаков

Бул маселе боюнча иштеп жаткан Кыргызстандын Мамлекетик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Доорбек Абдразаков мурунтан буга окшош кырдаал менен башка жарандардан дагы арыз түшкөнүн айтат.

- Мурунтан проблема чыккан 17 адамга барып жолукканбыз. Бул заводдон жумушчуларды чыгарбайт экен. Биз ишкананын жетекчилигине расмий кат жазып, уруксат менен барган жокпуз, тезирээк баралы деп эле жөнөгөнбүз. Азыр кат жазып, бардык кыргызстандыктар менен жолугалы деп жообун күтүп жатабыз. LG Eleсtronics деген бул жалпы аталышы. Компанияны жумушчулар менен камсыздап жыйырмадай ортомчу агенттик иштейт экен. Биз экөө менен жолуктук. “МК Эксперт-Консалт” дегени Миграция кызматынан атайын уруксат алып иштейт экен.

Абдразаков жарандар Кыргызстандан ортомчу агенттиктер менен келишим түзүп, жумуш берүүчүнүн шарттарына алдын ала макулдук берип келип жатканын белгилейт.

- Булар Кыргызстандан агенттик менен жолдомо түзүп келишкен, жол киресин төлөп берип, тамак-аш жана жатакана менен камсыз кылган. Бардык чыгымдар 12-13 миң рубл болот экен, ошону иштеткенден кийин жумушчуну камап деле калышпайт экен.

Учурда кыргызстандык Памир Кайыпжановдун кайрылуусу боюнча Москвадагы элчилик жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү тийиштүү чараларды көрүүдө.

Миграция кызматынын сайтында көрсөтүлгөн маалымат боюнча Кыргызстандын жарандарын Орусияда иштөөгө чакырууга 11 жеке агенттиктин расмий уруксаты бар. Алар - “Трудовая Азия”, “Гринвич Консалт”, “Жардам”, “Восточная Аутсорсинговая Компания”, “Лигал Джоб”, “Джакай - Бакдани”, “Глобал”, “Голд Эмплоймен”, “Эксперт-Консалт” ишканалары жана “Питер” борбору. Мындай расмий уруксаты жок жана лицензиясыз иштеген ортомчу агенттиктердин иши мыйзамсыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG