Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:42

Бир катар өлкөлөр Түндүк Кореяны сынга алышты


Иллюстрация
Иллюстрация

Түндүк Кореянын 12-февралдагы баллистикалык ракета сыноосун дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү сынга алып, бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясына каршы келерин эскертишти.

Быйылкы жылдын эсебинен алгачкы делген Түндүк Кореянын бул сыноосуна каршы АКШ, Түштүк Корея жана Жапония жазалоо жолдорун караштырууга даяр экенин айтышты.

АКШ өкүлдөрү ал континенттер аралык эмес, кичи же орто аралыкка учкан ракета болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Анын Кошмо Штаттарга коркунучу жок экени да белгиленет.

Баллистикалык ракета тууралуу кабар АКШ президенти Дональд Трамп менен Жапония премьер-министри Синдзо Абэ жолугушуп жатканда тараган.

2016-жылы Пхеньян эки ирет өзөктүк жана бир нече жолу баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөргөн. Акыркы, 20-октябрдагы сыноосу ийгиликсиз аяктаган болчу.

XS
SM
MD
LG