Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Президент мүлкү тууралуу Текебаевдин билдирүүсүн иликтөөнү тапшырды


Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев.
Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев.

Алмазбек Атамбаев мүлкү тууралуу депутат Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүн иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды.

Ага ылайык, Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Алмазбек Атамбаевдин Кипр офшорундагы мүлктөрү тууралуу айткандарын иликтөөгө жана тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

Башкы көзөмөл органына иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка жана президентке маалымат берүү милдети да жүктөлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы бөлүмүнөн кабарлашты.

Өмүрбек Текебаев бүгүн Бишкектеги саясий форумда Кипрге барып, ал жакта Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалыматтарды таап келгенин, жакында коомчулукка жарыя кыларын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG