Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:54

Калифорния штатынын бийлиги АКШдагы эң ири Оровилл дамбасынын жанында жашаган 188 миң тургунду тезинен коопсуз жайга көчүүгө чакырды. Буга эки күн мурдагы катуу жамгыр жана кардан кийин дамбанын суу агызчу ноосунун бузулушу себеп болду.

Оровилл суу сактагычынан агымдын денгээлин азайтып турууга ылайыкташкан дамбанын бийиктиги 235 метр. Жаракадан улам дамбадан чыккан суунун көлөмүн чектөө мүмкүн болбой жаткандыктан элди эвакуациялоо чечими чыкты.

Бийлик 12-февралда тик учак менен таштарды алып келип, дамбанын кеңейип кеткен тешигин бүтөгөнү жаткан. Бирок жекшемби күнү оңдоо иштери жүргүзүлбөгөнүн Калифорниянын Суу ресурстары боюнча департаментинин башчысы Вилл Кройл билдирди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG