Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Пакистандагы жардырууда мерт кеткендердин саны 80ге жетти


Суфилердин ыйык жайы Синдде философ Лала Каландардын сөөгү коюлган.
Суфилердин ыйык жайы Синдде философ Лала Каландардын сөөгү коюлган.

Пакистандын түштүгүндөгү Сехван-Шариф шаарындагы суфилердин ыйык жайында жасалган жанкечтинин чабуулунан набыт болгондордун саны 80ге жетти. Жарадарлардын саны 150 дөн ашты.

Мерт кеткендердин отузу балдар. Бул тууралуу жергиликтүү полиция бөлүмүнөн маалымдашты.

-Мен мечитке киргенде эле бир укмуш үн уктум. Албетте, бул бомба деген ой келди, анан өлдүм го деп ойлодум. Акыр заман болгондой сезилди. Элдер түртүшүп, мага дубал кулап түштү. Көзүмө өзүм жаңы эле кирген дарбаза көрүндү. Эптеп чыгып, өзүм менен кошо келген бир туугандарымды издей баштадым, анан эс-учумду жоготуп коюптурмун,- деди жарадар болгондордун бири.

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф суфилердин акыны жана философу Лала Шахбаз Каландардын сөөгү жаткан жерге жасалган чабуулду кескин сынга алып, бул өлкө келечегине жасалган сокку деп кошумчалады.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму өз мойнуна алды.

Каландардын сөөгү жаткан жерге зыярат кылуу үчүн ар бейшемби сайын миңдеген адамдар топтолот.

Провинцияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Пакистан өкмөтү Ооганстан менен чек аралаш аймакта коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG