Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

АКШнын коргоо министри Багдадга келди


Жим Мэттис, Багдад, 20-февраль.
Жим Мэттис, Багдад, 20-февраль.

АКШнын коргоо министри Жим Мэттис алдын ала жарыяланбаган визити менен Ирактын борбору Багдадга келди. Анын бул сапары Ирак күчтөрү Мосул шаарынын батыш тарабын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан бошотуу операциясын баштаган учурга туш келди.

Ирак бийлиги президент Дональд Трамптын АКШнын аскердик колдоосу үчүн “Ирактан мунай алуу” сунушуна кабатырланып турушкан. Жим Мэттис Багдаддагы алгачкы билдирүүсүндө Америка “Ирактагы эч кимдин мунай аймагын ээлеп албай турганын” айтты.

Ирак армиясы төрт айдан бери Мосул шаарын бошотуу аракетин көрүп келет. Калаанын батыш тарабына багытталган операциянын экинчи күнүндө өкмөттүк күчтөр 15ге чукул айылга көзөмөлүн орноткону белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG