Ушул күндөрү Жапониянын Саппоро шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы филиппиндик атаандаштарын 10:5 эсебинде утуп алышты.
Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин кыргыз хоккейчилери 18-февралда кувейттиктерди 5:0 эсебинде жеңишкен.
Алдыда кыргызстандык оюнчулар 22-февралда Бахрейн курамасы менен, 24-февралда Катар курамасы менен таймашат.
VIII Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы экинчи дивизиондо Кувейт, Катар, Бахрейн жана Филиппин курама командалары менен А тайпасында ойноп жатат. В тайпасында Түркмөнстан, Малайзия, Индонезия жана Макао командалары бар.
Тайпалык беттештерде биринчи орунду алгандар алтын байге үчүн, экинчи орунду алгандар коло байге үчүн беттешет. Финалдык оюндар 26-февралда өтөт. (ECh)