Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Эксперттер кыргыз демократиясына кабатыр


Оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевдин камалышы Борбор Азиядагы демократиялык процесстерге кандай таасир бериши мүмкүн?

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясы оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча жагдайга тыкыр көз салып жатканын билдирди. Бул тууралуу уюмдун басма сөз өкүлү Нат Парри “Азаттыкка” кабарлады:

- Ал биздин ассамблеянын мүчөсү болгондуктан биз окуяга өтө жакындан көз салып жатабыз. Мыйзамдуу процедураларды Кыргызстандын өкмөтү алып барарын түшүнөбүз. Биз өкмөт мыйзамдын үстөмдүгүн сактайт деп күтөбүз.

Өмүрбек Текебаев ЕККУнун Парламенттик ассамблеясындагы кыргыз депутаттарынан турган делегацияны жетектейт. Нат Парри Текебаевди Ассамблеянын активдүү мүчөсү деп мүнөздөп, 2018-жылы кыргыз парламенти уюмдун күзгү жыйынын Бишкекте өткөрмөк деди. Текебаев дал ушул ассамблеянын Венадагы жыйынына катышып, Бишкектеги аэропортко келгенде кармалган.

Европа Биримдиги Кыргызстанда оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча жагдайга жакындан көз салып жатат. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могеринин басма сөз катчысы Мая Кочиянчич “Азаттыкка” билдирди.

- Бардык процедуралар эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлөт деп күтөбүз. Президент Атамбаев Брюсселдеги соңку сапарында Кыргызстан демократиялык башкаруунун жогорку стандарттарын сыйлайт жана бул жылдын соңундагы шайлоону эркин, таза өткөрүү үчүн бардык аракетти кылат деп Евробиримдиктин лидерлерин ишендирген. Биз үчүн өлкөдө болуп жаткан окуяларга байкоо салуу абдан маанилүү. Эгер саясатчылардын кармалышынын саясий максаты бар болсо, мындай жагдай соңку өнүгүүлөргө олуттуу деңгээлде шек келтирет, - деди Кочиянчич.

Алмазбек Атамбаев менее Федерика Могерини
Алмазбек Атамбаев менее Федерика Могерини

Эл аралык кризис тобунун Борбор Азиядагы долбоорунун жетекчиси Диердре Тайнен кыргыз коомчулугунда оппозиция лидеринин камакка алынышына саясат аралашты деген кабылдоо бар экенин, мындай саясий өңүт коштолуп жатканда саясий каршылашты камакка алуу бийликтин өзүнө абийир алып келбесин айтты:

- Бийликтин бул ишти алып чыккандагы негизги максатын убакыт көрсөтөт. Соңку окуялар тынчсыздануу жаратат. Көпчүлүк адамдар мындайды мурда көргөндөй абалда калышат. Бирок бул окуя Кыргызстанда дале алсыздык өкүм сүрүп жатканын, эки элдик толкундоого карабастан, саясий система реформаланбаганын көрсөтүп турат. Мындай абал алдыдагы президенттик шайлоо үчүн жакшы эмес жана шайлоонун алдында өкмөткө, бийликке болгон ишенимге шек келтирет. Бул өкүнүчтүү. Себеби көп тараптан Кыргызстан Борбор Азиядагы уникалдуу өлкө. Өкмөт муну бузуп албоо үчүн этият болушу керек.

Евробиримдик Текебаевдин ишине тыкыр көз салууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

​Кыргызстан боюнча изилдөө жүргүзгөн Британиядагы Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу соңку окуяларды өлкөдөгү саясаттын табияты менен түшүндүрдү:

- Кыргызстандын саясий айдыңында атаандаштык күчтүү. Муну Борбор Азиянын башка аймактарынан көрбөйсүз. Бирок атаандаштык өтө чатакташкан жагдайлар менен коштолгону маселе жаратат. Керек болсо Текебаев өзү да өтө катуу билдирүүлөр менен чыкканы маалым. Андыктан өтө чоң касташуу жана кыжырдануу бар. Социал-демократтар менен “Ата Мекен” партиясынын ортосундагы азыркы жана буга чейинки мамилени ушундай сүрөттөсө болот. Ошентсе да тарыхый жактан карасак, Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаал аз да болсо позитивдүү. Түрдүү күчтөр бийлик үчүн жана элдин колдоосу үчүн күрөшүп жатат.

Кыргызстан - Борбор Азиядагы демократиянын тиреги

Өзбекстандык укук коргоочу, баш кеңсеси Францияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Борбор Азия ассоциациясынын башчысы Надежда Атаева Кыргызстандын президенти чөлкөмдөгү коңшуларынын жолоюна түшүп, диктаторго айланып баратканын кескин сынга алды.

- Борбор Азияда эркиндиктин аралчасы деп аталган Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаал өтө олуттуу белги. Буга эл аралык байкоочулар дагы, Кыргызстандагы жарандык коом дагы көңүл бурушу зарыл. Буга эл аралык коомчулук байкоо гана салбастан, өз пикирин да билдириши керек. Буга чейинки журналисттер менен соттошуусун эске алганда, президент Атамбаев көз алдыбызда коңшу өлкөлөрдөгүдөй диктаторго айланып баратат. Бул учурда Кыргызстандагы күчтүү жарандык коом жөн отурбашы керек. Жыйындарга чогулуп, колдон келишинче эл аралык укук коргоо уюмдарынын көңүлүн бурдурууга аракет көрүшсө болот. Азыр камактагы Текебаевдин, анын партиясынын үнүн угууга шарт түзүлүшү керек.

Укук коргоочу Атаева Борбор Азиядагы авторитардык режимдер ушундай жол менен өнүккөнүн баса белгилейт. Белгилүү өзбекстандык укук коргоочу Кыргызстандагы жарандык коомду биригүүгө чакырды.

Ал эми беш жылдык жарандык согушту баштан кечирген Тажикстандагы укук коргоочу, “Перспектива+” коомдук уюмунун жетекчиси, президенттикке талапкерлигин койгон Ойнихол Бобоназарова учурдагы кырдаалдын курчуп кетишинен чочулайт. Бобоназарова бийлик нааразычылыкка чыккан жарандарга каршы күч колдонбошу керектигин эскертет.

- Баарыбыз Кыргызстанда ар кандай кырдаал болгонун билебиз. Ошол окуялар кайталанып кетишине жол берилбеши керек. Эми мунун баары бийликтен көз каранды. Жарандар өз пикирин акцияларга чыгып билдирүүгө укуктуу. Бийлик аларга карата эч кандай күч колдонбошу керек.

Өзбекстандык белгилүү саясий бозгун, “Эрк” оппозициячыл партиясынын лидери Мухаммад Салих “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышын саясий куугунтук деп айтууга толук негиз бардыгын “Азаттык” радиосуна мындайча билдирди.

- Оппозициялык партиянын үч мүчөсүнө кылмыш ишинин козголуп жатышы бийлик каршылаштарына карата басым жасап жатат деген ойду күчөтүүдө. Албетте, анын күнөөсүн сот далилдейт. Бирок соттор кимден көз каранды? Ошол жагы чоң маселе. Кыргызстанда эгемендүүлүктү алган жылдардан бери сакталып келаткан демократиянын духу бар. Мен кыргызстандыктар чындык үчүн күрөшөрүнө ишенем.

Өмүрбек Текебаевге орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Депутаттын кармалышы нааразылык акцияларына жол ачып, Текебаевди коргоо штабы түзүлдү. ​

Ошондой эле Казакстандагы саясий ишмер Жармахан Туякбай президентке ачык сын айткан депутаттын камалышында саясат бар дегенге көбүрөөк ишенет. Ал Текебаевдин партиялаштары, жарандык коом демократиялык лидерин коргоп калууга күч жумшоосу керек деп белгилейт

- Чын эле күнөөлүү болсо ызы-чуу кылып кереги жок. Мыйзам түрүндө жооп бериши керек. Экинчи тарабынан алганда бийлик каршылаштарына басым жасап жаткандай. Эгер чын эле басым болуп жатса мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен демократия бар деген Кыргызстан үчүн жакшы көрүнүш эмес. Партиялаштары лидерин коргоп калууга бардык күчүн жумшашы керек.

Депутат Текебаев соңку бир нече айдан бери президент Атамбаевди сындап келген.

​Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы болуп келгени, президент Алмазбек Атамбаевди кескин сынга алганы белгилүү. Анын тарапкерлери оппозицияга карата куугунтуктоо жүрүп жатканын айтып жатышат. Бийлик өкүлдөрү мында саясат жок деп ишендирип келишет.

Башкы прокуратура менен УКМКнын билдирүүсү

Башкы прокуратура орус жараны Маевскийдин арызынын негизинде “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иш козгоп, 28-февралда Биринчи Май райондук соту аны эки айга камакка алууга чечим чыгарды.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева парламенттин 1-марттагы жалпы жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин суроосуна жооп берип жатып Өмүрбек Текебаевдин кылмышка катышканы тууралуу далилдер жетиштүү деп билдирди:

- Буга чейин Равшан Рыкуновадан арыз түшкөн. Ал боюнча козголгон кылмыш ишиндеги материалдарга Маевскийдин арызы да кошулду. Мындан тышкары башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен далилденди. Булар кылмыш ишин козгоо үчүн жетиштүү. УКМК төрагасы алардын ким экенин айтып берди. Алар - Рыкунова, Маевский, Абдрахманов, Модин. Мындан тышкары кыйыр далилдер бар. Биз аны манифесттер, Маевскийдин бул жакка учуп келгенин же бул кылмышка аралашкан адамдардын Москвага учуп барганын далилдеп беребиз. Ошого бул маалыматтар бизге жетиштүү деп эсептедик.

Индира Жолдубаева Масалиевдин акчанын берилгени факт катары кабыл алынып жатабы деген суроосуна "азыр тергөө уланып жатат жана баары иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат" деп жооп берди. Текебаевге кылмыш ишин козгоо тууралуу документке өзү кол койгонун да айтты.

Ал эми УКМК башчысы Абдил Сегизбаев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кармоодо ага карата күч колдонулган эмес деп билдирди:

- Биз колдон келишинче аяр мамиле жасап алып келдик. Аны атайын даярдыктагы кызматкерлер эмес, тергөөчүлөр алып келишти. УКМКга алынып келинер замат аялы мене да, адвокаты менен да жолугууга уруксат берилди, - деди Сегизбаев.

УКМКнын башчысы белгилегендей, Текебаевдин камактагы абалы видеокаттоого алынып жатат, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG