Каракол шаардык кеңешинин 10 депутаты бүгүн Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнө жолукканы Бишкекке сапар алды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Каракол шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жергиликтүү кеңеш өкүлдөрү Каракол шаарынын ички жолдору боюнча маселе чечилбей, жолдун тамтыгы чыгып, ага эч ким көңүл бурбай жатканынан улам ушундай чечимге барганы айтылууда.
Буга чейин шаар тургундары жол боюнча нааразылык митингин өткөрбүз дегенде бийлик сүйлөшүүлөр болорун айтып, эл токтоп калган. (AsM)