Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:41

Ирактык күчтөр Мосулга чабуулун жандантты


Мосулдун ИМ тобу көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн кетип жаткандар. 4-март, 2017-жыл.
Мосулдун ИМ тобу көзөмөлдөгөн бөлүгүнөн кетип жаткандар. 4-март, 2017-жыл.

Мосулду “Ислам мамлекети” радикал тобунан бошотуу боюнча аскерий операцияга аба ырайы бузулганынан улам акыркы эки суткада тыныгуу жарыяланган эле. Операциянын учурдагы баскычында кеминде 45 миң адам үй-жайын таштоого аргасыз болду.

Ирактын аскерий кол башчылары Мосул үчүн азыркы уруштарды "айыгышкан" деп мүнөздөшүүдө.

Аскерлердин жолун бомбасы бар унаа айдаган жанкечтилер тороодо, “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери үйдөн-үйгө көчүп, снайперлерин да жайгаштырып жатат:

- “Ислам мамлекети” террордук тобу аскерлерибиздин чабуулун жолдорго бомба, үйлөрдө мина капкандарды коюп, гранатомёттордон, миномёттордон аткылоо аркылуу токтотууга аракеттенүүдө. Бирок биз алга жылууну улантуудабыз, - деди Ирактын контртеррористтик аскерий бөлүгүндөгү кол башчылардын бири Хазим Карим 5-мартта кабарчыларга.

Өлкөнүн экинчи ири шаары Мосулдун батыш ыптасын бошотууну максат кылган чабуул ушул жекшембиден тарта кайра жанданды.

Анын алдында аба ырайынын начардыгынан улам абадан байкоо жүргүзүү мүмкүн болбогондуктан операция 48 саатка токтотулган, бул өз кезегинде согушкерлердин контрчабуулдарын да шарттады.

Мосулдун көчөлөрүнүн бири. 4-март, 2017-жыл.
Мосулдун көчөлөрүнүн бири. 4-март, 2017-жыл.

АКШ баштаган коалиция абадан колдоо көргөзгөн ирак күчтөрү “Ислам мамлекети” террордук тобунан шаардын батыш бөлүгүн бошотуу операциясына 19-февралда киришкен.

Мындан бир ай алдыда, былтыр 17-октябрдан берки аскерий аракеттердин натыйжасында ИМ тобунун согушкерлери Мосулдун чыгышынан сүрүлгөн. Чыгыш аянты жагынан батыш бөлүккө караганда чоң болгону менен батыш аймакта калк жыш жайгашкан.

Мосулдан качууга аргасыз болгондор.
Мосулдан качууга аргасыз болгондор.

Өкмөттүк күчтөр Мосулдун түштүк-батыш ыптасында айрым ийгиликтерге жетишкени менен шаардын батышынын басымдуу бөлүгү али “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүндө кала берүүдө.

Мосул менен катар Сириянын Ирак менен чек арага жакын Тал Афар жана Ракка шаарлары да ушул тапта жихадчылардын колунда.

Ирак армиясы Мосулду курчап, ал жердеги согушкерлердин Тал Афар шаарындагы өнөктөштөрү менен байланышын үзүү аракетин да көрүп жатат.

“Ислам мамлекети” террордук тобу бир миллиондон ашуун калкы бар Мосулду толугу менен 2014-жылдын жайында басып алган эле.

Жихадчылардын жолбашчысы Абу Бакр ал-Багдади “халифат” түзгөндүгүн дал ушул Мосулдун чоң мечитинен туруп жарыялаган болчу.

Шаардын батыш бөлүгүн бошотуу операциясы учурундагы уруштар Эл аралык миграция уюмунун эсебинде, кеминде 45 миң адамды үй-жайынан безүүгө мажбурлады.

Мосулдан чыккандар текшерүү борборунда. 2-март, 2017-жыл.
Мосулдан чыккандар текшерүү борборунда. 2-март, 2017-жыл.

Соңку күндөрү аймактан тартылган видеотасмалар да жамгырда баткак кечип, уруш аймактарынан жөө-жалаңдап качып чыгууга аргасыз болгондорду, анын ичинде аялдар менен балдарды көргөзүп жатты:

- Биз ачкадан өлүп калабызбы дейм, бизде эч нерсе, атүгүл күрүч дагы жок. Ачарчылык жана бомбалоолор бизди үй-жайыбызды таштоого аргасыз кылды. Биз алсырап, чарчап бүттүк. Балдарыбыздын да жей турган эч нерсеси жок, - дейт Мосулдун Ибрагим деген качкын тургуну.

Ирак өкмөтү Мосулдун айланасында эл аралык уюмдардын жардамы менен миңдеген качкындар үчүн утурумдук чатыр лагерлерди уюштурган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG