Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Мосул тургундары тирүү калканга айланды


Ирак армиясы Мосулдун чеке белинде, 18.10.2016
Ирак армиясы Мосулдун чеке белинде, 18.10.2016

Террордук топтун негизги таянычы болгон Мосулда болжол менен бир миллиондон ашуун киши болушу мүмкүн. Ирак армиясы бошотуу операциясын эл аралык коалициянын жардамы менен 17-октябрда баштаган.

Мосулду бошотуу операциясы башталгандан бери 2014-жылдан бери шаарды ээлеп турган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу карапайым калкты тирүү калкыныч кылып, калаадан эч кимди чыгарбай жатканын Пентагондун расмий өкүлү Жефф Дэвис билдирип, Мосул үчүн күрөш “өтө аёосуз” болорун айткан.

Жихадчылардын мындай опурталдуу коргонуу ыкмасы тууралуу буга чейин Миграция боюнча эл аралык уюм дагы эскерткен.

АКШ президенти Барак Обама Италиянын премьер-министри Маттео Ренци менен шейшембиде Вашингтондо жолукканда:

- Ирак күчтөрү Кошмо Штаттар, Италия жана башка өлкөлөр кирген эл аралык коалициянын колдоосу менен Мосулду курчоого алууда. Эң башкысы “Ислам мамлекети” тобун анын жетекчилиги жайгашкан жана уюштуруу, башкаруу системалары түзүлгөн шаардан сүрүп чыгаруу, -деп айтты.

Мосулду бошотуу: алгачкы ийгиликтер

Мосулду бошотуу: алгачкы ийгиликтер

Күрт командирлери Кошмо Штаттардын колдоосуна таянган пешмерга күчтөрү менен Ирак армиясы Мосул шаарын бошотууда алдыга батыл жылып баратканын билдиришет. Ирактын түндүгүндөгү бул шаарды “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топтон бошотуу операциясы 17-октябрда башталган.

Обама жихадчылар менен кармашта ирак армиясы жоготууга учурап, бирде утуп, бирде утулса дагы акыр-аягында экстремисттик топту талкалай турганына ишенерин билдирди.

Рейтер агенттиги Кошмо Штаттар “Ислам мамлекети” химиялык куралга керектелчү заттарды колдонушу да мүмкүн деп, согушкерлер тараптан атылган ок-дарынын курамын текшерип, далил издеп жатканын жазып чыкты.

Пентагондун билдирүүсүнө караганда жихадчылар кара май чыккан жерлерди күйгүзүп, машиненин дөнгөлөктөрүн өрттөп салган. Уюган кара түтүндөн улам террорчул топтун уюктарын бутага алып, абадан сокку урууга, пилотсуз учактардын жүрүүсүнө тоскоолдук жаралууда.

Улуттар Уюму Мосулду бошотуу операциясы шаарда жана анын тегерегинде жашаган бир миллиондон ашуун кишинин коопсуздугун коркунучка кептерин эскерткен. Анткен менен ушул тапта шаарда канча киши бардыгы так белгисиз.

Эки жыл мурун жихадчылар Мосулду басып ала электе шаарда эки миллиондон ашуун киши жашаса, айрым маалыматтарда ушул тапта 700 миңдей тургун калганы айтылат.

Ирактын куралдуу күчтөрү Мосулду эркиндикке чыгаруу операциясын 17-октябрда баштаган. Өлкөнүн премьер-министри Хайдер ал-Абади “Жеңиштин сааты келди” деп, аскерий операция башталганын жарыялаган. Армия артиллериядан аткылагандан кийин, аскерий оор техника шаарды көздөй бет алган. Операцияга ирак аскерлеринен башта күрттөрдүн пешмерга күчтөрү да катышууда. Алар Мосулга бараткан тараптагы тогуз кыштакты бошотконун кабарлашкан.

АКШ башында турган эл аралык коалиция авиаоперацияга көмөк көрсөтүүдө. Коалициянын согуштук учактары жихадчылардын 17 очогун бутага алып, кеминде төрт дүрмөттөлгөн машине жок кылынганы айтылууда.

Ирак армиясынын 30 миң аскери менен күрттөрдүн пешмерга күчтөрү төрт миңден сегиз миңге чейин деп болжолдонуп жаткан “Ислам мамлекетинин” согушкерлерине сокку урууда.

Беш миңден ашуун америкалык аскерлер эл аралык коалициянын курамында Франция, Британия, Канада жана башка Батыш өлкөлөрү менен бирге аскерий миссияга кошулган.

Мосул – «Ислам мамлекети» деп аталган экстремисттик топ ээлеп турган акыркы чоң шаар. Жихадчылардын колбашчысы Абу Бакр ал-Багдади дал ушул шаарда туруп Ирак менен Сириянын аймагында шариятка баш ийген халифат түзүлөрүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG