Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Ирак: АКШ Мосулду бошотууга көмөктөшөт


Кошмо Штаттар Иракка кошумча аскер жибере турган болду. Мындай чечим Ирактын Мосул шаарын “Ислам мамлекети” террордук уюмунан бошотуу операциясын баштоо алдында кабыл алынды. Өлкөнүн ири шаарларынын бири - Мосул 2014-жылы террордук уюмдун көзөмөлүнө өткөн.

Ирак бийлиги жана АКШ баштаган коалициялык күчтөр Мосулду “Ислам мамлекети” террордук тобунан бошотуу операциясын келерки айда баштоону пландаштырууда. Мына ушул операция алдында Кошмо Штаттар Ирактагы аскерлеринин санын көбөйтөрү маалым болду.

АКШнын коргоо министри Эш Картер жүздөгөн аскерлер Мосул шаарын бошотуу алдында Иракка жөнөтүлөрүн билдирди. Картердин 28-сентябрдагы билдирүүсүнө караганда, ал аскерлер келерки айда баштала турган Мосулду бошотуу операциясында Ирактын коопсуздук күчтөрүнө жана күрт жоокерлерине жардам берет. Иракка жөнөтүлө турган кошумча аскерлердин саны 615 экенин Эш Картер белгиледи.

АКШ коргоо министринин айтымында, АКШ аскерлери урушка түздөн-түз тартылбайт. Белгилүү болгондой, президент Барак Обама Ирактагы АКШ күчтөрүн чыгарып кетүү чечимин кабыл алган. Бирок Кошмо Штаттар Ирак коопсуздук күчтөрүнүн “Ислам мамлекетине” каршы күрөшүн колдоп келатат.

“Биз колдоочу ролдобуз, бирок бир нерсени айкындап койгум келет: Америка күчтөрү “Ислам мамлекетине” каршы күрөштөгү опурталдуу жолдо” деп эскертти Эш Картер.

Президент Барак Обама да Ирак өкмөт башчысы Хайдар Абадини өткөн жумада Ак үйдө кабыл алган учурда Мосул үчүн күрөш татаал болорун эскерткен:

- Биз “Ислам мамлекетинин” жүрөгү болгон Мосулду бошотуу операциясына камданып жатабыз. Бул жеңил күрөш болбойт. Мосул чоң шаар жана “Ислам мамлекети” ал жерде бекем орношуп алган. Бирок күчтөрдүн позицияларын карап көргөндө, коалиция менен Ирак коопсуздук күчтөрүнүн кызматташуусу, күрттөрдүн Пешмергасы менен кызматташуу жана алардын каармандыгы биздин ылдам алдыга жыларыбызга ишеним берет.

Мосул шаары “Ислам мамлекети” аталган террордук уюмдун көзөмөлүнө 2014-жылы өткөн. Анда жоочулардын чабуулуна Ирак коопсуздук күчтөрү туруштук бере албай, шаарды таштап кетүүгө аргасыз болгон эле. Ал кезде өкмөттүк күчтөр Мосул эле эмес, көптөгөн шаарларды жоочуларга калтырган. Быйылкы жылы май айында Ирак күчтөрү Эр-Рамади, андан кийин июнь айында Эл-Фаллужа шаарларын жоочулардан бошотуп, Мосул шаарын кайра алуу үчүн даярдык башталганын жарыялаган.

Кошмо Штаттар жетектеген коалициянын мүчөсү болгон Британия коргоо министри Майкл Фаллон жакында эле Иракка сапарында жаңы жылга чейин Мосул бошотуларына ишеним артып, бирок шаардын өзгөчөлүгүн белгилеген эле:

- Бул өтө чоң шаар. Буга чейин Иракта бошотулган шаарларга караганда чоң. Бирок мен аны бошотуу узакка созулбай, Мосул шаарынын тургундары эркин жашаганга мүмкүнчүлүк алат деп үмүттөнөм.

Ирак өкмөт башчысы Хайдар Абади эки жылдан бери кырдаал өзгөргөнүн жана жакында Мосулдун бошотулушуна ишенимин билдирди:

- Эки жыл мурун биз "Ислам мамлекетинен" Багдадды коргоо үчүн күрөшкөнбүз. Бүгүнкү күнү биз террордук уюмдун акыркы чеби болгон Мосулда күрөшүп жатабыз. Жакынкы бир нече айда Мосулдан террорчуларды айдап чыгып, анын ишенимине сокку урабыз.

Мосул шаарын кайра алуу аракети Ирак өкмөтү эле эмес, Кошмо Штаттар үчүн чоң сыноо болору айтылууда. Бул Барак Обаманын президенттик мөөнөтү бүтүп бараткан мезгилге туш келүүдө.

Пентагондун маалыматы боюнча азыркы кезде Иракта АКШнын 4600 аскери бар. Бирок Иракка убактылуу жөнөтүлгөн кээ бир аскерлер бул санга кошулган эмес.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG