Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Прокуратура Саляновадан Өмүркулов тууралуу маалыматтарды сурады


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Прокуратура Саляновадан Өмүркулов тууралуу маалыматтарды сурады.

Башкы көзөмөл органы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновадан Бишкектин мурдагы мэри, учурдагы Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго байланыштуу материалдарды сурап, расмий кайрылды. Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, бул материалдар текшерүү жана тиешелүү баа берүү максатында зарыл болот.

Башкы прокуратура Иса Өмүркуловго байланыштуу мурда козголгон кылмыш иши боюнча сотто каралган иштен башка документтер жок экенин белгилеп, Аида Салянованы анда башка кагаздар болсо, бөлүшүүгө чакырган.

1-март күнү пленардык жыйында Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Салянова "депутат Иса Өмүркуловго байланыштуу башка материалдар да болгонун" айтып, башкы прокурордон эмне үчүн ага чара көрүлбөй жатканын сураган. Өмүркулов өзү Салянованын айткандарын четке каккан.

Аида Салянова мурда башкы прокурор болуп турганда Бишкек шаарынын ошол кездеги мэри Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгогон. 2014-жылы прокуратура Иса Өмүркулов кызмат абалынан аша чапты деп айыптаган.

2014-жылы 1-августта Октябрь райондук соту Өмуркуловду жана Бишкек шаардык мэриясынын бир нече кызматкерин толук актаган. Райондук соттун чечимин шаардык сот да күчүндө калтырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG