Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Иран Ошко спорт комплексин курат


Ош шаарынын кире бериши.
Ош шаарынын кире бериши.

Иран Ислам республикасы Ош шаарына спорт комплексин курууга көмөктөшөт. Өткөн апта соңунда аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сейед Саттар Пурсейед баштаган делегация менен Оштун вице-мэри Шакир Зулимов жолугуп, ушул маселени талкуулашты.

Зулимов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, спорт комплекси Манас Ата кичирайонуна курулат. Ага болжол менен 1 миллион доллар жумшалат. Курулуш иштерин күн ысыганда баштап, төрт ай ичинде аяктоо пландалууда. Ушул аптада комплекстин долбоору даярдалат.

-Бул долбоор 2017-2020-жылдар аралыгында Ош шаарын өнүктүрүү боюнча мэрдин программасынын алкагында ишке ашууда. Бул программада инвестиция тартуу маселесине да көңүл бурулган,- деди Зулимов.

Анын айтуусунда, калааны өнүктүрүү жаатында Орусия жана Өзбекстан менен да биргелешкен долбоорлор ишке ашыруу планга кирген. (SE)

XS
SM
MD
LG