Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

ЕАЭБ: Бишкекте өкмөт башчылар чогулду


Бишкекте бүгүн, 7-мартта Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешмеси өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери катышат.

Жыйындын күн тартиби боюнча экономикалык биримдиктин аймагындагы аткезчилик менен келген товарлардын агымына каршы чараларды киргизүү маселеси каралды.

Андан соң Евразия экономикалык биримдиктин интеграциялык мүмкүнчүлүгү бар тармактары жана аларды колдонуу чаралары боюнча маселе каралат.

Евразиялык экономикалык комиссиянын күн тартиби боюнча 2015-2016-жылдардагы уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн абалы боюнча жыйынтык чыгарыла турганы белгилүү болду.

Орусиядан Дмитрий Медведев, Казакстандан Бакытжан Сагинтаев, Беларустан Андрей Кобяков жана Армениядан Карен Карапетян жана Кыргызстандан Сооронбай Жээнбеков кеңири жана тар чөйрөдө экономикалык орчун маселелерди талкуулашууда.

Саммитке чогулган өкмөт башчылар менен президент Алмазбек Атамбаев да жолукту.

Жолугушууда президент Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны ЕАЭБдеги негизги маселерди чечүүдө маанилүү жана чыныгы аянтча болот деген ишенимин билдирген.

Жыйында чымчылашкан коңшулар

Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков биримдик аймагында интеграциялык жараянга өбөлгө түзүүчү товарды, кызмат көрсөтүү жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүүгө шарт түзүүчү механизмдер иштебей жатканын белгиледи.

Буга мисал катары Орусиянын Беларустун мунай экспорттосуна чектөө аракетин айтты. Кобяков мунайды үчүнчү өлкөгө экспорттоого тыюу салган санкциялык саясат экономикалык биримдиктин калган мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын басмырлайт деп эсептейт.

Бир гана мамлекеттин тар кызыкчылыгын көздөгөн мындай чектөөлөр жана тоскоолдуктар экономикалык биримдик алкагында өнүгүүгө өбөлгө түзбөсүн белгилеген беларус премьер-министри мындай чектөөлөрдү жана тоскоолдуктарды такташып алууну сунуштады.

Орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев болсо бул сын-пикирин негизсиз деп белгилеп, тескерисинче Беларус жалпы рынокту коргоо боюнча Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай жатат деп билдирди.

Дмитрий Медведевдин айтуусунда, Беларус Евразия экономикалык биримдикке мүчө болуу укугунан кыянатчылык менен пайдаланууда.

Орусиянын премьери Беларус доомат коюудан мурун өзүнө алган милдеттенмелердин аткарылышын карап көрүүгө тийиш экенин, биримдиктин башка мүчөлөрүндө мындай дооматтары жок экенин айтып, Кобяковду өз улутунун кызыкчылыгын биримдиктин кызыкчылыгынан жогору коюп жатат деп айыптады.

"Кыргызстан ЕАЭБга көнүп кетти"

Кыргызстан ЕАЭБ шарттарына тез эле көнүп кеткенин Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлү Татьяна Валовая Бишкекте өтүп жаткан саммитте билдирди.

Анын сөзү боюнча, Кыргызстан Евразиялык биримдикке киргенден бери ички дүң өнүмү тез өсүп, экономикалык көрсөткүчтөрү мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жакшырган.

"2016-жылдын көрсөткүчү боюнча ички дүң өнүм 3,8 пайыз, бул Кыргызстан үчүн эң жакшы экономикалык өсүш" деп белгилеген Валовая 2017-жылы да Кыргызстанда өнөр жай жана соода жүгүртүү өсөт деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

Өткөн аптада Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши вице-премьерлердин деңгээлинде чогулган. Бүгүн Бишкекте өтө турган саммиттин күн тартиби ошондо кабыл алынган. Негизги маселе катары уюмга мүчө өлкөлөрдө азык-түлүк же башка каражаттарды иштеп чыгарууда жана сатууда бирдиктүү талаптар каралмакчы.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине 2015-жылы мүчө болгон. Бирок уюмдун кээ бир талаптарын аткарууда кемчиликтер бар экенин өкмөт өзү да белгилеп келет.

Саммитке байланыштуу 6-7-март күндөрү Бишкектин негизги көчөлөрүнө унаа кыймылына чектөө киргизилери эскертилген.

XS
SM
MD
LG