Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Ирак күчтөрү Мосулда Борбордук банк филиалынын жана сот имаратын ээлешти


Мосулдагы качкындар.
Мосулдагы качкындар.

Бул тууралуу Ирак күчтөрүнүн өкүлү 7-мартта билдирди. “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун казысы отурган имарат адамдарды таш бараңга алуу, колун кесүү, там чатырынан ыргытуу сыяктуу үрөй учурган өкүмдөрү менен белгилүү болгон.

Борбордук банктын филиалын жоочулар 2014-жылы Мосулду көзөмөлүнө алганда талап-тоношкон. Подполковник Абдел Амир ал-Мохамадавинин шейшембидеги маалыматы боюнча, бул имараттар Ирак күчтөрү түнү бою чабуул жасаган мамлекеттик имараттардын арасында жайгашкан. Ал чабуулда Ислам мамлекети экстремисттик уюмунун ондогон жоочулары жок кылынды.

Мамлекеттик имараттар комплексин ээлөө Тигр дарыясынын батышындагы Мосулдун эски борборуна жол ачат. Ал тарапта 750 миңдин тегерегинде жөнжай адамдар жашайт. Ирак күчтөрү Мосулду бошотуу операциясын өткөн жылы баштап, анда шаардын чыгышын көзөмөлүнө алган. Быйыл февраль айында операциянын экинчи этабы башталган. (AiT)

XS
SM
MD
LG