16-мартта 1937-жылдагы репрессия курмандары тууралуу тартылган “Ата бейит” даректүү тасмасынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” тасманын режиссеру Алижан Насиров кабарлады. Анын айтымында, бет ачар Кыргыз-түрк “Манас” университетинин кинозалында өтмөкчү.
Тасмада Бишкектин түштүгүндөгү Чоң-Таш айылына жакын жерде сөөктөрү табылган, сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон мамлекеттик ишмерлер тууралуу баяндалат.
Аталган тасма 2016-жылы Казанда өткөн эл аралык мусулман кинолорунун фестивалында “Эң мыкты кыска метраждуу фильм” деп табылган.(BkA)