Линктер

ишемби, 24-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:05

Чүйдө жети адам "хизбутчу" деген шек менен кармалды


Чүйдүн Аламүдүн районунун жети тургуну "Хизб-ут-Тахрир" диний уюмуна мүчө деген шек менен кармалды. Облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, колго түшкөндөрдүн курагы 21ден 40 жашка чейин. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда диний мүнөздөгү китептер, электрондук каражаттар табылган. Учурда соттук-теологиялык экспертиза жүрүүдө.

Шектүүлөрдүн айрымдары мурда ушундай эле айып менен соттолгону аныкталды. Экөө убактылуу кармоочу жайга камалып, калгандарынын иши иликтенип жатат.

"Хизб-ут-Тахрир" - Кыргызстанда тыюу салынган 20 уюмдун бири. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG