Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Саруу окуясы боюнча сот өкүмү чыкты


Жол тосулган жерге тигилген боз үйлөр. Саруу, 5-февраль, 2014-жыл.
Жол тосулган жерге тигилген боз үйлөр. Саруу, 5-февраль, 2014-жыл.

Ысык-Көлдүн Саруу айылындагы 2014-жылкы жол тосуу, Тамгадагы электр чордонун ээлеп, өчүрүп салуу окуясы боюнча сот өкүмү чыкты. Бүгүн аталган иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды.

Соттолгон тараптын маалыматына ылайык, судья окуянын уюштуруучусу катары Айбек Сарыбаевди сегиз жылга күчөтүлгөн тартипте камоо өкүмүн чыгарды. Калган жети киши шарттуу түрдө бир жылдан үч жылга чейин кесилишти.

Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан тарта митингдерди уюштуруп башташкан. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг ошол кездеги облус башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон. Окуянын уюштуруучулары кармалган соң 2014-жылдын февралында алардын жердештери камактагыларды бошотуу талабы менен Балыкчы-Каракол жолун буушкан.

Ошол жылы мартта облустук милиция кылмыш ишин козгогон. (SE)

XS
SM
MD
LG