Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Саруудагы жол тосуу уланууда


Жол тосулган жерге тигилген боз үйлөр. Саруу, 5-февраль, 2014.
Жол тосулган жерге тигилген боз үйлөр. Саруу, 5-февраль, 2014.

Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Балыкчы-Каракол жолу төрт күндөн бери Саруу айылынын тушунан тосулуп турат. Жолду ачуу аракеттеринен азырынча майнап чыга элек.

Жол тоскондор былтыр Кумтөр боюнча нааразылык акциялары учурунда камалган 6 адамды жана 2-февралда кармалган Айбек Сарыбаевды бошотуну талап кылууда. Сарууга кошуна айылдардын тургундары болсо жол буулушунан кыйла кыйынчылыктарга кабылганын айтууда.

Саруу айылына бараткан жолдо бирин-серин гана машине учуратпасаңыз, кыймыл жокко эсе. Алар да жергиликтүү тургундарды ташыган таксилер. Жети-Өгүз районунун борбору - Кызыл-Суу айылынан биз отурган машиненин айдоочусу да айылга кире беришке чейин эле жеткирээрин, андан ары өткөрбөсүн алдын-ала эскертти.

Ошентип Саруу айылынын кире беришине келгенде төгүлгөн шагыл жолду тосуп турганын көрдүк. Тосулган жердин ары жагында эки боз үй жана бир топ адамдар турат. Күн суук. Анда тургандар үшүгөн жолоочуларды боз үйлөрдүн бирине кирип жылынып алууга чакырып атышты. Жол эки жерден - айылдын аркы жана берки башынан буулган.

Жол тоскондордун бири Абай Узаков жолоочуларды ошол тосулган аралыктан өткөрүп коюу үчүн атайын машинелер коюлганын айтат:

- Камаган балдардын бардыгын - жетөөнү тең бошотсун деп жатабыз. Бошотулмайын жол ачылбайт. Ушул тапта ары-бери каттаган жолоочуларды Саруунун ичинен бекер ташып жатабыз. Экинчи машине келгенге чейин үшүбөй турсун деп боз үйгө киргизебиз. Машине келгенде аларды тосулган жолдун аркы учуна жеткирип коёт.

Жолоочулар болсо Саруу аркылуу өтүш үчүн таксиге он сом төлөп, тосулган жерден кайра башка таксиге отуруп кетип жаткышканын айтууда. Арасында жол жабылышына нааразы болгондор арбын.

Бул жерден жаңы төрөгөн кызын небереси менен төрөт үйүнөн чыгарып келе жаткан барскоондук Атыркүл Ташбаевага кезиктик:

- Кыйын эле болуп жатат, жаңы төрөлгөн ымыркай менен минтип бороондо көчөдө жүрөбүз. Күн жылуу болсо да бир жөн. Ушинтип калчылдап Барскоонго баратабыз.

Саруудагы жол 2-февралдын кечинде тосулган. Ага ошол күнү айылдын жети тургунун милиция капыстан кармап кетиши себеп болгон. Кармалгандардын алтоо ошол эле күнү кечинде бошотулуп, Айбек Сарыбаев аттуу бир тургун убактылуу абакка киргизилген.


Саруу: кыйналган жолоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00


Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов ошондон бери жол тоскондор менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтат:

- Камалгандардын баарын бошоткула деген талап коюп жатышат. Алардын көбүнүн иши сотко өткөн. Биз мыйзам чегинде иш алып баралы деп сүйлөшүп жатабыз. Ал эми 2-февралда кармалган Айбек Сарыбаев издөөдө жүргөн болчу. Кылмыш иши козголгон. Эми ага тергөө иштери жыйынтык чыгарат.

Жергиликтүү тургундар болсо 2-февралдагы кармоолор учурунда бир катар аял кишилер да зомбулукка кабылганын айтат. Саруудагы нааразылык акциясынын катышуучуларынын бири Аблас Үсөнбаевдын апасы Үпөл Ниязбекова ошол күнкү окуяны сүрөттөп берди:

- Кошунам менен көчөдө турсак 6-7 машине келип калды. Андан түшкөндөр Абластын үйү ушулбу деп эле үйдү көздөй жөнөп калышты. Кантсе да энемин да, чырылдап кирсем колумду биягынан, тиягынан кармап “кыйкырба” деп оозумду жаап алышты. Алардын кандай укукгу бар мени ошенткидей!?

Учурда жол тосулушу боюнча прокуратура тарабынан административдик протоколдор түзүлүп, соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Бул тегеректеги айылдардан район борборуна эл ташыган кичи автобустардын айдоочулары да иши токтоп калганына нааразы болуп, милициядан жолду күчтөп болсо да ачып берүүнү суранган.

Бирок облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов жол тоскондорду күч менен таратуу талабына карабастан кагылышуу болбошу үчүн сүйлөшүү жолу тандалганын айтат.

Мындан бир күн мурда облустук коллегияга келген вице-премьер-министр Токон Мамытов да Саруу маселесин жергиликтүү бийлик чечиши керектигин билдирген:

- Саруулук туугандар жолду кайра тосуп салды. Жергиликтүү башчылар баарыңар биригип, ошол балдар менен сүйлөшүп чечип койсонор дейм да. Борбордук апараттан бери киши чакыртпай эле өзүнөр чечип койсонор болот го дейм...

Бирок жол тоскондор менен Жети-Өгүз районунун акими Дамир Моңолдоров менен облустук ички иштер башкармалыгы тынбай сүйлөшүү жүргүзүп жатканына карабай натыйжа чыга элек.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Саруу айылы былтыр жаздан бери нааразылык акцияларынын очогуна айланган. Айыл тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан бери митингдерди уюштуруп келген. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облус башчысын барымтага алуу менен коштолгон.

Аягында митингди милиция кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Алардын айрымдары кийин үй камагына чыгарылып, азыр УКМКнын тергөө абагында беш киши отурганы айтылууда. Ошондон бери камактагылардын баарын бошотуу талабы менен Саруу айылынын тургундары утур-утур нааразылык акцияларын, жол тосууларды уюштуруп келүүдө.

Мындан сырткары “Кумтөр” ишканасынын өкүлүнөн 3 млн. доллар талап кылды делген Эрмек Жунушбаев жана Бактияр Курманов аттуу Саруу айылынын дагы эки тургунунун ишин азыр Бишкектин Биринчи май райондук соту кароодо. Соңку соттук иште мамлекеттик айыптоочу аларды 12 жылга чейин күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууну сурады. Саруулуктар ушул эки адамды да камактан бошотуу талабын коюп келишет.

Саруудагы жол тосуудан сүрөт баян: 2 - 5-февраль

  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG