Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Президент Трамп жардыгын токтоткон сотту айыптады

US -- NASHVILLE, TN - MARCH 15: President Donald Trump speaks at a rally on March 15, 2017 in Nashville, Tennessee. During his speech Trump promised to repeal and replace Obamacare and also criticized the decision by a federal judge in Hawaii that halted

Миграцияга байланыштуу президент Дональд Трамптын экинчи жардыгын Гавая штатынын соту токтотту. Судья Деррик Уотсон 15-март күнү кечинде чыгарган чечиминде жардык Конституцияга каршы, ошондой эле Гавая штаты жана жарандарына “орду толгус зыян” алып келет деп белгиленди. Президент Дональд Трамп Теннеси штатындагы митингде сүйлөгөн сөзүндө соттун чечимин “бийлигинен болуп көрбөгөндөй аша чапкандык” деп атады. Ал 16-марттан тарта күчүнө кириши күтүлүп жаткан жардыкты токтотуу террорчуларды өлкөгө жолотпоодо алсыздыкка жол берерин, ошондуктан Жогорку Сотко чейин барып, жеңишке жетишерин белгиледи.

Трамп жети мусулман өлкөсүнөн мигранттарды кабыл алууну 90 күнгө токтотуу жардыгын 27-январда чыгарган эле. Соттор ал жардыкты токтоткондон кийин алты мусулман өлкөсүнөн адамдардын келишине убактылуу тыюу салган экинчи жардыгын 6-мартта чыгарган.

Ал дагы сот тарабынан токтотулду. (AiT)

XS
SM
MD
LG