Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Кулматов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна айтылган сынды четке какты


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов "мекеменин иши натыйжалуу болбой жатат" деген сындарга макул эмес. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирип, азыр фонддо 676 долбоор бар экенин маалымдады. "Манас" аэропортуна бөлүнгөн 12 миллион доллар тууралуу да комментарий берди:

- Бул инфраструктуранын долбоору да. Аэропорт бизге керекпи же жокпу? 25 долбоорго фонд өзү акча берген. 676 долбоор көбүнчө элге багытталган. 51 пайызы айыл чарбасына кеткен.

16-мартта Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргыз-орус фонду экономикалык өнүгүүнү камсыздоого багытталганы менен "ишмердигин максаттуу жүргүзбөй жатат, тар чөйрөгө иштеп турган элиталык бизнес коомуна айланып, колунда бар адамдарга гана иштеп калды" деп сынга алган.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду кыргыз экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыңгайлаштыруу максатында 2015-жылы түзүлгөн. Ага Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлүп, өндүрүштү жандандырууга жеңил шарттагы насыяларды берет деп айтылган. (NT)

XS
SM
MD
LG