Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Тополоңов: Руханий азыкка муктаж мигранттар көп


Бакыт Тополоңов
Бакыт Тополоңов

26-мартта Москвада кыргызстандыктар Мавлид майрамын - Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилешет. Иш-чарага Орусия башкалаасында эмгектенген мигранттар катышаары күтүлүүдө.

Москвада Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлчүлүгү ачылганына жети жыл болду. Үч жылдан бери өкүлчүлүктү жетектеп келе жаткан Бакыт Тополоңов Москвадагы атайын борбордо сабактары өтүлүп, дин аалымдары менен жолугушуулар уюштурулуп жатканын айтып берди:

- Москвада эмгектенип жүргөн мекендеш, диндеш бир туугандарыбыздын диний сабаттуулугун арттыруу боюнча иштерди алып барабыз. Дин боюнча базалык маалыматтарды берип, руханий жардам көрсөтүүгө аракет кылабыз. Москвада кеңсебиз бар. Сабактар ошол жерде өтүлөт. Өзүм мугалим катары сабак өтөм. Египеттин Каир шаарындагы Аль-Азхар университетинде билим алгам. Ошондой эле бизге жардам кылган улан-кыздарыбыз бар. Кыз-келиндерге өзүнчө сабак өтүлөт. Азыр эки жүздөн ашык угуучубуз бар.

Кыргыз диний аалымдарынын жолугушуусуна келген эл. Москва шаары. Февраль, 2016-жыл
Кыргыз диний аалымдарынын жолугушуусуна келген эл. Москва шаары. Февраль, 2016-жыл

Борбордо диний сабактардан тышкары демилгечилердин күчү менен бардык каалоочуларга орус жана англис тили сабактары кошумча өтүлөт. Мындай демилге чет жакта тил билбей кысталган мекендештерди колдоо үчүн уюшулган. Кыз-келиндер үчүн да сабактар бар:

- Бул жакта иштеген айрым мекендештер орус тили жагынан кыйналышат. Аларга жардам берүү максатында орус тили дагы кошумча өтүлөт. Ишемби жана жекшемби күндөрү эртең мененки 9дан кечке чейин сабактар өтүлөт. Бул сабактарга анча чоң эмес акы киргизип койгонбуз. Ошонун эсебинен мугалимдерге акы төлөнүп, кеңсе иштеп келет. Дин жана тил боюнча сабактардан тышкары жаштарды спортко үндөп, дем алыш күндөрү спорттук иш-чараларды өткөрөбүз. Мекендештердин ар кандай радикалдык топторго кошулуп кетпеши үчүн аларды бош калтырбай, мүмкүн болушунча ар кандай иштер менен алек болуусуна аракет кылабыз.

Диний өкүлчүлүккө орус калаасында ар кандай кыйынчылыктарга учураган кыргызстандыктар жардам сурап кайрылган учурлар дагы арбын кездешет:

- Диний жана улуттук майрамдарда уюштурулган иш-чараларда акчалай жардам чогулат. Жардам сурап кайрылган мекендештерге дагы көмөк көрсөтөбүз. Мен иштеп турган маалда эле Москвада каза тапкан жыйырмадай мекендешибиздин сөөгүн Кыргызстанга кетирдик. Андан сырткары оорулуулар, майыптар кайрылышат. Москвада турмушу бузулуп, балдары менен оор акыбалга кептелген келиндер келишет. Колубуздан келишинче каралашабыз. Жакында эле Дача-СУда авиакырсыктан жабыр тарткандарга дагы ири суммада жардам көрсөттүк. Тилекке каршы, диний өкүлчүлүккө карасантайлык ой менен алдап, акча сурап келгендер дагы болот.

Москвадагы айт намаз
Москвадагы айт намаз

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Москвадагы өкүлчүлүгү 26-мартта болсо Мавлид майрамын уюштурганы жатат:

- Тилекке каршы, динге оогон жаштарыбыз канчалык көп болгонуна карабастан, Москвада ошончолук жолунан адашып, туура эмес жолго түшкөндөр көп. Ушундай иш-чараларда мүмкүн болушунча элди чогултуп, руханий жактан азык берүүгө аракет кылабыз.

Мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Мигранттарыбыздын арасындагы терс көрүнүштөр боюнча дин аалымдары акыл-насааттарын берсе, элге жеткиликтүү болот экен. Быйыл Мавлидди үчүнчү жолу өткөрөбүз. Жылына алты миңдей жарандарыбыз чогулат бул мааракеге. Ага байланыштуу коопсуздук маселесине дагы көңүл бурулат. “Крокус Сити Холл” концерттик залынын жетекчилиги, жергиликтүү укук коргоо органдары менен алдын ала макулдашып, коопсуздук кызматкерлерин жалдап, аларга акы төлөп беребиз. Жарандарыбыз метродон концерттик залга кирип, кайра метрого жеткичекти коопсуздук көзөмөлү болот. Ал эми залдын ижара акысын келген элге сатылган билеттин эсебинен жабабыз. ​Былтыр февралда Москванын борбордук мечитиндеги дин аалымдары Чубак Жалилов жана Абдышүкүр Нарматов менен болгон жолугушууга 30 миңден ашуун кыргызстандык келген. Аны да Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлчүлүгү уюштурган.​

Бакыт Тополоңов белгилегендей, өкүлчүлүк Москванын Мусулмандар диний башкармалыгы жана жергиликтүү укук коргоо органдары менен тыгыз иш алып барат. Укук коргоо органдары маал-маалы менен борборго келип көзөмөл салса, бардык мааракелер Москванын диний башкармалыгынын колдоосу жана уруксаты менен уюштурулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG