Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:51

Франциядагы Орли аба майданында аскер кызматкердин куралын тартып алган адамга патрул кызматы ок атты. Маалыматты Франциянын полициясы ырастады.

Окуядан соң аэропорт жабылып, учуулар токтотулуп, бардык жүргүнчүлөр коопсуз жайга чыгарылды. Маалым болгондой, учурда жардыргыч затты издеп жатышат.

Чабуул жасаган адамдын аты-жөнү азырынча айтылбаганы менен Франциянын ички иштер министри Бруно Ле Ру маалымдагандай, ал адам радикалдуу кыймылда болгону аныкталганын кабарлады.

2015-жылы Францияда ири террор чабуулу болгондон бери өлкөдө өзгөчө кырдаал алына элек. Эл көп чогулган жерди аскер патрулу куралдуу автомат менен күзөткө алып келет. (SDz)

XS
SM
MD
LG