Орусия 14-апрелде Ооганстандагы кырдаал боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бул тууралуу ооган президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ханиф Атмар “Эркин Европа / Азаттык радиосуна” билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөргө АКШ, Борбор Азия өлкөлөрү сыяктуу 12 мамлекеттин өкүлдөрү чакырылган. Атмар талиптерге чакыруу жөнөтүлбөгөнүн бышыктады.
Москва февраль айында Ооганстандагы кырдаал боюнча Кытай, Индия, Пакистан, Иран жана ооган өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөргөн. Ага Батыш өлкөлөрү катышкан эмес.
2014-жылы НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткенден бери ооган армиясы талиптердин чабуулдарынын мизин кайтарууда кыйынчылыктарга туш болуп келет.