Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:02

АКШнын мамлекеттик катчысы Москвага барат


Рекс Тиллерсон
Рекс Тиллерсон

Рекс Тиллерсон АКШнын мамлекеттик катчысы катары биринчи жолу май айында Орусияга бара турган болду. Мамлекеттик департамент кабарлагандай, Тиллерсон 26-27-майда “Чоң жетинин” Италиядагы жыйынына катышкандан кийин Москвага сапар алат. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова бул визит тууралуу тастыктоочу же четке кагуучу маалымат берген жок.

Рекс Тиллерсон НАТОнун 5-6-апрелде Брюсселде өтүүчү саммитине катышпай турганы да белгилүү болду. Буга президент Дональд Трамп менен Кытай лидери Си Цзинпиндин Флоридада 6-7-апрелге белгиленип жаткан жолугушуусу себеп болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG