Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Лондондогу адам өмүрүн алган кол салуу


Лондон, 22-март, 2017-жыл
Лондон, 22-март, 2017-жыл

Лондондун полициясы 22-мартта Британ парламентинин жанында болгон кол салуудан беш киши мерт кеткенин билдирди.

Каза болгондордун арасында бычакталган полиция кызматкери, эки жөн-жай тургун жана кол салууга шектелген адам бар. Жабыркагандардын саны 20га жетти.

Полициянын маалыматы боюнча, шаршемби күнү түштөн кийин белгисиз адам автоунаасы менен Вестминстер көпүрөсүндөгү ондон ашык жөө кишини сүзүп кеткен. Андан соң унаадан чыгып, парламенттин кайтаруудагы аймагына жетип келип, полиция кызматкерине бычак урган. Кол салган адам парламент имаратын көздөй чуркап бараткан кезде полиция ага ок аткан. Бычакталган полициячы ооруканада көз жумганын Би-би-си телеканалы кабарлады.

Лондондогу кол салуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Вестминстер көпүрөсүндө унаанын алдында калган кеминде эки адам жан бергени аныкталды. Көпүрөдөн Темза дарыясына кулап кеткен бир аялды куткаруучулар аман сактап калышты. Бирок анын жарааты оор экени кабарланды.

“Мен көпүрөдөн өтүп бараткам. Туристтер Биг Бендин жанында сүрөткө түшүп жатышкан. Аңгыча унаа кагышкандай катуу добуш уктум. Автоунаа өтө тез жүрүп келатканын көрдүм. Менин алдымдагы адамдарды сүзүп келе жатты. Жанымдагы Жеймс жолдон кач деди. Өтө тез болуп кетти. Мен тротуардан кара жолго секирдим”, - деди күбөлөрдү бири.

Полиция бул окуяны террордук чабуул деп атады. “Биз азырынча кол салган адам бирөө эле болгон деп турабыз. Коомчулук биз көрүп жаткан чараларды түшүнүү менен кабыл алат деп ишенем”,- деди Лондон шаардык полициясынын өкүлү Марк Роули.

Британиянын жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, унаа кол салуусу маалында көпүрөдө франциялык мектеп окуучуларынын тобу да жүргөн. Кийинчерээк француз премьер-министри Бернар Казнёв жабыркагандардын арасында 15-16 жаштардагы үч француз окуучусу бар экенин тастыктады.

Чабуулдан кийин Британиянын атайын күчтөрү окуя болгон аймакка жөнөтүлдү. Кол салуунун чоо-жайы аныкталгыча парламент имаратына кирип-чыгуу токтотулду.

Лондондогу бул кол салуу Брюсселде 32 адамдын өмүрүн алган жанкечти жардырууларынын бир жылдыгы белгиленип жаткан учурга туш келди.

АКШнын жана Евробиримдиктин бир катар лидерлери Лондондогу кол салууну айыптап, курман болгондордун жакындарына көңүл айтышты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер президент Дональд Трамп британ премьер-министри Тереза Мэй менен сүйлөшкөнүн айтып, британ полициясынын окуя боюнча ыкчам иш-аракеттер көргөнүн кубаттады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG