Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

ЖК комитети Карамушкинанын билдирүүсү боюнча КСДПга кайрылды


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын Орусияда сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү кабыл алды.

Комитеттин документинде Карамушкина 25-мартта Санкт-Петербургда Мамдуманын депутаттары менен жолуккан кезде кыргыз элинин диний сезимин козутуучу сөздөрдү айтканы жазылган. "Натыйжада депутат эл аралык маселелер талкууланчу аянтта өзүнүн жеке маселелерин алып чыгуунун аракетин көрдү" деп айтылган документте.

Парламент комитетинин депутаттары Ирина Карамушкинан аракети үлгү болбосун жана КСДП фракциясы анын жүрүм-турумуна моралдык баа берет деген ишенимин билдиришти. Билдирүүгө Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин он депутатынын алтоо кол койгон.

Өз кезегинде депутат Ирина Карамушкина өзүнүн Фейсбук баракчасына, Петербургдагы жолугушууда “Кыргызстанда орус тилине көңүл буруу солгундап баратканын, ошол эле учурда өлкөдө мечит, медресенин курулушу көбөйгөнүн” айтканын жазды. Ал маселени жашырбастан ачыкка чыгарганын белгилеп, өзүнүн күнөөсүз экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG