Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:12

Алты жылдан бери уланып келаткан жарандык согуштун айынан үй-жайын таштап өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон сириялык бозгундардын саны беш миллиондон ашты. Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча агенттиги 30-мартта маалымдады.

Агенттик билдиргендей, туура бир жыл мурда эл аралык коомчулук Сирия менен коңшулаш мамлекеттер туш болгон көйгөйдү жеңилдетүү максатында 500 миңдей качкынды бөлүштүрүп алуу тууралуу милдеттенме алган.

Качкындар боюнча агенттиктин маалыматына ылайык, 2017-жылдын биринчи үч айында качкын катары катталган сириялыктардын саны түшүнүксүз себептерден улам 250 миңге чейин өсүп кеткен. Бирок алардын жарымы гана жайгаштырылган.

Түркияда баарынан көп, болжол менен үч миллиондой сириялык качкын кала берүүдө.

Уюм кошумчалагандай, согуштун айынан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон беш миллиондой качкындан тышкары, өлкө ичинде жер которгондордун саны алты миллиондон ашты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG