Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

"ACT Airlines" Кыргызстанга 600 миң доллар которду


16-январь, 2017-жыл
16-январь, 2017-жыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине Дача Су айылында кыйраган учактын ээси, түркиялык «ACT Airlines» авиакомпаниясынан 600 миң доллар (42 млн сомдой) түштү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка караганда биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев 29-мартта аталган компания өкүлдөрү менен жолуккан.

Өкмөттүн сайтында жазылгандай, Абулгазиев бул каражат, өкмөттүк комиссия эсептеп берген 195 миллион сомдук жалпы чыгымдардын бир бөлүгү экенин белгиледи. Анын айтымында, түрк тарап келтирилген зыянды толук которгондон кийин компенсация жабыркагандарга төлөнүп берилет. Эки тарап компенсация берүү маселесин соттук териштирүүлөргө жеткирбей чечүүнү сүйлөшкөн.

16-январда Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына "Боинг-747-400" жүк учагы кулап, 39 адам набыт болгон. Анын отуз беши айыл тургундары. Жыйырмадан ашуун үй кыйраган. (NT)

XS
SM
MD
LG