Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Беларус-Орусия: энергетика маселеси чечилди


Орус-беларус лидерлери эки өлкөнүн алакасын начарлаткан газ жана мунай көйгөйү чечилгенин билдирип чыгышты. Орус президенти Владимир Путин менен беларус президенти Александр Лукашенко 3-апрелде Санкт-Петербургдагы жолугушуудан кийин мунаса табылганын кабарлашты.

Орусиянын өкмөт башчысынын орун басары Аркадий Дворкович билдиргендей, Беларус орус газы үчүн 726 миллион долларлык карызын бара-бара төлөп бүткөрмөй болду. Ага жооп катары Орусия Беларуска мунай жөнөтүүнү жандантат.

Путин айткандай, эки өлкөнүн тиешелүү расмий органдары бул макулдашууну 10 күндүн ичинде корутундулайт. Президент Лукашенко мындай мунаса Орусия менен Беларустагы туруктуулукту сактоого жардам берет деп белгиледи.

Эки өлкө лидерлери 2020-жылга чейинки энергетикалык кызматташтыктын жол картасын да макулдашты.

Лукашенко соңку айларда Орусияны кескин сынга алып, Москваны келишимдерди бузду деп айыптаган. Расмий Минсктин маалыматы боюнча, соңку бир жылда Орусия газдын баасын эки эсе көбөйткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG