Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

Санкт-Петербургда террорго шектелген жетинчи адам кармалды


5-апрелде кармалгандар
5-апрелде кармалгандар

Санкт-Петербургда 14 адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин теги борборазиялык жетинчи адам кармалды. Бул тууралуу Федералдык иликтөө комитети кабарлады.

5-апрелде Борбор Азиядан барган алты кишинин колго түшкөнү маалымдалып, полициянын ыкчам тасмасы интернетке чыккан.

Расмий маалымат боюнча азырынча кармалгандардын метродогу жардырууну уюштурду деп шектелген адам менен байланышы бар же жогу тастыктала элек. Алар "Ислам мамлекети" жана "Ал-Нусра фронту" сыяктуу Орусияда тыюу салынган радикал топторго жарандарды азгырган жана террорчул аракеттерге шыктандырган" деп шектелип жатат.

Кармалгандар Орусияга иштегени келгени аныкталды. Укук коргоо уюмдары Санкт-Петербургдагы мигранттарга кайрылып, полициянын рейддери күчөгөндүктөн коомдук жайларга көп чыкпоого чакырган.

Орусиянын иликтөөчүлөрү Санкт-Петербургдагы чабуулду Кыргызстанда төрөлгөн орус жараны уюштурду деп билдирген. Шектүү Кыргызстанда төрөлгөнүн, бирок жарандык албаганын, Орусиянын атуулу экенин расмий Бишкек маалымдаган.

3-апрелдеги жардыруудан 14 адам курман болуп, элүүгө жакыны ооруканага түшкөн. (SE)

XS
SM
MD
LG