«Бир дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы адам укугуна арналган тасмалардын кезектеги фестивалына фильмдерди кабыл алуу башталганын жарыялады. Мыкты даректүү тасмалар атайын топ карап чыккандан кийин иргелип алынат. Режиссерлор 1 апрелден 15-июнга чейин фильмдерди сунуштаса болот.
Фестивал быйыл "Адам укугу жана эркиндиги туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында" деген ураан менен 16-20-октбярь күндөрү Бишкекте өтөт.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы он биринчи ирет өтүүдө. Жыл сайын дүйнөнүн ондон ашуун мамлекетинен тасмалар сунушталып, жеңүүчүлөр Бишкекте сыйланат.
"Азаттык" радиосунун журналисттери даярдаган бир нече фильм бул фестивалга катышып, байге алган. (SE)