Бир катар оппозициялык уюмдар бүгүн Таласта жолугушуу өткөрдү. "Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдагандай, "Сөз эркиндигин коргоо комитети", "Жаңы муун" жана "Саясий куугунтуктагыларды коргоо" уюмдары менен "Талас эли" кыймылы уюштурган жыйынга 60тай адам катышты.
Уюштуруучулардын бири Айбек Мырза уулу өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоого чакырды. Ал эми жарандык активист Адил Турдукулов аймактар ортосунда ажырым пайда болгонун, бул маселени жеринде талкуулоо үчүн ушундай жыйындар өткөрүлүп жатканын айтты. Өзүн жергиликтүү тургун деп тааныштырган Каныбек Айтпаев Таласта бир да өндүрүш ишканасы курулбаганын сындап, "сегиз жыл мурун курулушу башталган драмтеатрдын имараты да бүтө электигин" айтты. Айрым активисттер Жерүйдүн ачылышына каршы болуп акырына чейин турарын белгилешти.
Жыйынга өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн атынан келип катышкан жооптуу кызматкер Бакыт Турсуналиев көйгөйлөр бар экенин, жергиликтүү бийлик аларды чечүү үчүн колунан келген аракетин көрүп жатканын айтты. "Биз жарандык коом менен бийликтин ортосунда байланыш түзгөнгө да аракет кылуудабыз. Элдин сунуштары да эске алынат", - деди.
31-мартта Кыргызстанда "2018-2022-жылдарга аймактык саясат концепциясы" кабыл алынды. Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, концепциянын алкагында өнүгүү точкасы катары 20 пилоттук шаар тандалып алынган, азыркы күндө өлкөдө 70% ИДП Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында калыптанууда.
Өкмөт бул аралыкта кирешелерди теңдөө саясаты аймактарды өзүн өзү өнүктүрүүгө алып келет деп үмүттөнөт. (AlS)