Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Бишкекте Космонавтика күнүнө арналган көргөзмө ачылат 


Космос
Космос

"Орусия космосу" деп аталган иш-чара бүгүн, 12-апрелде Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада башталат.

Аны Кыргызстан элдеринин ассамблеясы, "Гармония" орус маданий борбору жана Улуттук китепкана биргелешип уюштурган. Көргөзмө советтик белгилүү космонавттардын туулган күндөрүнө да арналган. Анда ракеталардын макеттери, сүрөттөр, космос менен байланышкан маркалар, төш белгилер коюлат.

Ошондой эле «Космос үчүн күрөш» көркөм тасмасы да көрсөтүлөт. Ага чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илим жана маданият кызматкерлери чакырылган.

Бүгүн эл аралык Авиация жана космонавтика күнү. 1961-жылы 12-апрелде советтик космонавт Юрий Гагарин алгачкы жолу космоско учкан. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG