АКШнын Мамлекеттик департаменти Сирия президентинин "химиялык чабуул жөнүндөгү айыптоолор 100 процент жасалма" деген сөзүн четке какты жана Дамаск менен союздашы Москваны чындыкты жаап-жашырган аракети үчүн сындады. 13-апрелде Ажанс Франс Пресс агенттигине жарыяланган интервьюсунда Башар Асад анын өкмөтү химиялык курал корун бир нече жыл мурун эле бүт өткөрүп бергенин айткан.
Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тонер Сирия лидери атайлап башаламандык, түшүнбөстүк кырдаалын түзүүнү көздөп жатканын, мындай тактиканы Орусия да пайдаланганын билдирди.
"Идлибдеги чабуулда химиялык курал колдонулганында, аны Сирия өкмөтү, Сирия режими уюштурганында күмөн жок. Муну согуш кылмышы деп сыпаттаса болот", - деди Тонер.
Сирия бийлиги жана Орусия 4-апрелде 90 чакты кишинин өмүрүн алган уулу газ өкмөттүк аскерлер согушкерлердин кампаларын бомбалаганда сыртка жайылган деп айтышууда. Батыш бул ырастоолорду четке кагып келет.
Facebook шеринеси