Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

ЕККУ: Донбасста абал курчуп кетиши ыктымал


Донбасс.
Донбасс.

Украинанын чыгышындагы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочу миссиясынын башчысы Александр Хуг Донбасста абал тынч эмес экенин, кайсы убак болбосун абал курчуп кетиши ыктымалдыгын билдирди. Ал “Обозреватель” басылмасына берген интервьюсунда жаатташкан эки тарапта тең оор куралдар бар экенин, бири-бирине өтө жакын жана ар дайым даярдыкта турганын айткан.

Киевдин маалыматы боюнча, акыркы бир суткада орусиячыл жикчилдер Донбасстагы украиналык аскерлердин позициясына дээрлик 30 жолу ок атышкан. Өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алгандар ок Украинанын армиясы тарабынан атылганын билдирүүдө. Жабыр таркандар жана каза болгондор туурасында маалымат айтыла элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG