Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Текебаевдин тарапкерлери Ак үй алдына чыгышты


Бишкектеги митинг. 21-апрель, 2017-жыл
Бишкектеги митинг. 21-апрель, 2017-жыл

Бишкектеги Ак үй алдында "Ата Мекен" фракциясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлеринин акциясы өтүүдө. "Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдагандай, 25-30 чамалуу жарандык активисттер, депутаттын тарапкерлери, "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары аны камактан бошотууну талап кылууда.

Митингге катышып жаткан мурдагы депутат Асия Сасыкбаева акция түштөн кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында улана турганын "Азаттык" радиосуна билдирди. Текебаевди колдоо митинги Бишкекте 20-апрелде да өткөн.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алган деп айыпталып, 25-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган. Оппозициялык саясатчы бул айыпты "саясий куугунтук" деп баалап келет. 29-мартта Жогорку Сот Текебаевдин адвокаттарынын доо арызын караган. Соттук коллегия арыздын мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде көзөмөл өндүрүштү кыскарткан, камактагы депутаттын баш коргоо чарасын караган эмес. Текебаев 25-апрелге чейин камакта калган. Эми анын баш коргоо чарасы аныкталууга тийиш.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Текебаевдин иши боюнча документтер 20-апрелде түшкөнүн, бирок качан каралары белгисиз экенин билдирди.

Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери сот ишти бүгүн түшкү саат 2де карай турганын айтып жатышат. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG