Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:30

Өзгөндөгү 24 адамдын өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу 30-апрель Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Бул күнү Кыргызстанда жана мамлекеттин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндө туулар түшүрүлүп, оюн-зоок программалары токтотулат.

Бүгүн эртең менен Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, жети үйдү басып калды. Жер көчкү алдында калган алты үйдө 24 адам болгон. Алардын 11и балдар.

Учурда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жетектеген 400дөн ашуун адам издөө, куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Азырынча жер көчкү алдында калган адамдар табыла элек.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам жана колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG